Грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жусупбеков экинчи ирет олимпиадага катышканы турат. Үзүр бул олимпиадага жолдомо алуу үчүн эң оор жолду чапты. Ал 97 килограмм салмакта 6-август күнү килемге чыгат.
Теги якутиялык марафончу Сардана Трофимова 2022-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Кыска аралыкта ал Азия оюндарынын коло байгесин утуп, Азия чемпионатында эстафеталык жарышта чемпион болгон. Париж олимпиадасында Сардана марафондук жарышта өлкөнүн намысын талашат.
6 жашынан баштап сууда сүзүү менен алектенген Елизавета Печерских, 20 дистанцияда Кыргызстандын рекордун жаңылаган. Ал Кыргызстанда анчейин көңүл бурулбаган, шарт түзүлбөгөн спорт түрүн жайылтып, ийгилик жаратууну көздөйт.
Теги якутиялык Айаал Лазарев - 38 жашта, 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келе жатат. Париж балбандын үчүнчү олимпиадасы. Ал эркин күрөштөн 125 килограмм салмакта күрөшөт.
24 жаштагы эркин күрөш балбаны Бекзат Аламз уулу, алгач ирет олимпиадада күчүн сынаганы турат. Ал 7-августа вилемге чыгат.
Грек-рим күрөшүнүн балбаны Амантур Исмаиловдун мээнеткечтиги, артка чегинбегендиги менен өзгөчөлөнгөн балбан. Ал Париж олимпиадасында 67 килограмм салмакта күчүн сынайт.
Грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков да Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 60 килограмм салмакта биринчи орунда. Жоламан да акыркы эки жылда жети мелдештен жети байге утса, анын алтоо алтын, бирөө коло медал.
Кыргызстанда эркин күрөштүн жылдызына айланган Эрназар Акматалиев экинчи ирет олимпиадада күчүн сынаганы турат. Ал 65 килограмм салмакта килемге чыгат.
Кубанычбек Айбек уулу Париж олимпиадасында дзюдодон күчүн сынаганы турат. Ал дүйнөдөгү эң абройлуу мелдештердин бири саналган "Чоң шлем" турниринде алтын байге уткан алгачкы кыргызстандык дзюдочу. Айбек уулу 28-июлда мелдешке чыгат.
Бокс боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 28-июлда 57 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгат. Ал олимпиада оюндарына биринчижолу катышып жатат.
Азия оюндарынын жана Азиянын эки жолку чемпиону Айпери Медет кызы экинчи ирет олимп оюндарында күчүн сынаганы турат. Ал жаш кыздарды күрөшкө шыктандырган Кыргызстандагы таанымал балбан кыздардын бири.
Айсулуу Тыныбекова өлкөнүн спорт тарыхындагы жаңы баракты жазган эң ийгиликтүү спортчу жана анын өрнөгү миңдеген кыздарды шыктандырып, кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстан дүйнөдөгү күчтүү мектепке айлана алды.
Дагы жүктөңүз