Быйыл көкбөрүгө катышуу үчүн келген 11 команданын ичинде этникалык кыргыздардан турган командалар да бар.
Көчмөндөр оюндарына Шотландиядан атайын келген тоолуктар Кырчындын көркүн чыгарып, өз өнөрүн көрсөттү.
Казакстандын Көкбөрү федерациясы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышуу алдында койгон үч талаптан улам жарышка катышпагандыгын билдирди.
Үчүнчү Көчмөндөр оюндарына катышуу жана көрүү үчүн Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр арбын. "Азаттык" алардын айрымдарына суроо узатып, маанайын билүүгө кызыкты.
2-сентябрда Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди. Этнооюндардын расмий ачылыш салтанаты Бактуу-Долоноту ат майданында өттү.
Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди.
Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан байгелүү келаткан кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслованы 31-августта "Манас" аэропортунан күйөрмандары салтанаттуу тосуп алды.
2-сентябрда ачыла турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын саясий, экономикалык, идеологиялык, маданий маанисин арттыра алдыкпы же курулай каражат короткон, куру намыстын иш-чарасы болуп жатабы?
24-августтан бери Бишкекте өтүп жаткан президенттин кубогу үчүн оюн жыйынтыкталып, Таластын “Бакубат” командасы менен көлдүн “Толкун” тайпасы финалда ат салышты.
Көкбөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдагы кубогун Таластын "Бакубат Талас" командасы алды. 30-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөн финалдык таймашта таластык көкбөрүчүлөр Ысык-Көлдүн "Толкун" командасын 1:0 эсебинде жеңди.
Акжол Махмудов, Каныбек Жолчубеков жана Айсулуу Тыныбекова баштаган балбандар Индонезиядан кайтып келишти. Аларды күйөрмандары, достору кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” чек ара бекетинен тосуп алышты. (Гүлжан Турдубаеванын видеосу)
Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын 21-августтагы үчүнчү күнү кыргыз балбандары куржунга төрт медал кошту.
Дагы жүктөңүз