20-августта Азия оюндарында күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова аны колдогон бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.
Индонезиянын Жакарта шаарында 18-августта жайкы Азия оюндары расмий ачылды.
2-сентябрда баштала турган Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүп жатат. Анын ачылыш аземинде ат үстүндөгү каскадерлор улуттук оюндарды көрсөтөт. Арасында эр сайышка чыккан жалгыз каскадер кыз Диана Ашырбаева да бар. Ал каскадерлукка келгенге чейин таэквондо менен м
Кабык дарактын сөңгөгүнүн тик өсүүсүнө жардамдашат. Быйыл Меркурийге илимий сапар башталат... Космостук станциядагы аяз. Топ сүзүү аялдардын баш мээси үчүн кооптуу.
2018-жылкы Дүйнөлүк футбол чемпионатында Нижний Новгороддогу стадионду курган жумушчулар 50 млн рубль акчаларын ала албай калгандарын айтып жатышат.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезияда өтө турган XVIII жайкы Азия оюндарына катыша турган спортчулар менен жолугуп, улуттук курама команданын капитаны Каныбек Жолчубековго өлкөнүн желегин тапшырды.
12 жаштагы Нурали Бейсекожа маркум фигурист Денис Тенге арнап музыка жазды.
Москванын четиндеги Сергиев Посад шаарында кыргыз чабандестери орусиялыктарды көкбөрү оюну менен тааныштырды. Ачык асман алдында уюштурулган бул фестивалда Евразия элдеринин улуттук оюндары жергиликтүүлөрдү көңүлкош калтырган жок.
Казакстанда бычакталган көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тен алган жараатынан каза тапты. Алматы полициясы билдиргендей, спортчуга анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки киши кол салган. 25 жаштагы Денис Тен 2014-жылы Сочи олимпиадасында коло медал уткан.
Оштогу Кеңеш айылында 60-70 жаштагы байбичелер фитнес, аэробика клубуна барып жатышат. Кыз-келиндер үчүн ачылган бул жайда алар жаштар менен бирге ден соолугун чыңдап жаткан кези.
Дүйнө чемпиону болгон Франциянын улуттук курама командасы 16-июлда мекенине кайтты. Жекшемби күнкү матчтын каармандары түшкөн автобус Париждеги Елисей талаасын аралап өтүп, он миңдеген күйөрмандарга баалуу трофейди тартуулашмакчы. Финалда Хорватияны 4-2 эсебинде уткан француздар ушуну менен экинчи жолу дүйнө чемпиондору болушту.
Ысык-Көл облусунун Тоң айылында этнофестиваль өттү. Бул иш-чара этномаданий туризмди жана көчмөндөр цивилизациясынын салттарын улантуу максатын көздөйт.
Дагы жүктөңүз