Ошентип эртең, 5-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу башталат. Ал эми 1-февралда биз “Азиянын чемпиону ким?” деген суроого расмий жооп алып калабыз.
Алматыда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектүү катары кармалган үч кишинин соту башталды. Алар бейшембидеги алгачкы соттук териштирүүдө негизги айыпты четке кагышты. Маркумдун жактоочулары белгилүү фигурист буюртма менен өлтүрүлгөнүн айтышууда.
2018-жыл Кыргызстанга спорт жаатында бир топ жемиштүү жыл болду. Биздин спортчулар биринчи жолу Азия оюндарында 20 медаль алып келишти. Ал эми Көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде Кыргызстан үчүнчү жолу биринчиликти кармап калды.
Пенсильвания штатында кыргызстандык Элиза Аскарованы эң мыкты теннисчи деп табышты. Кыргызстанда бир нече жолу чемпион болгон Элизага бул наамды жеңүү оңойго турган эмес. Океандын ары жагына барганда спортчу кыз карьерасын кайрадан баштаган.
Түркиялык Якуп Мингсар эки жыл мурун Бишкекте “Анадолу” спорт клубун ачкан. Клубда жаш курагы төрттөн 14 жашка чейинки балдар спорттун ар кыл түрү менен машыгат. Түрк жараны түптөгөн клубдун негизги максаты Кыргызстандын атынан дүйнө кубогуна катышчу чебер оюнчуларды даярдоо болуп саналат.
Орусиянын Биатлон биримдиги австриялык полиция бейшембиге караган түнү алардын улуттук командасы жайгашкан жерге барып кеткенин бышыктады.
Көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык деңгээлде талкууланат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Эл аралык Көкбөрү федерациясынын конгрессинде маалым болду. Уюмга мүчө болгон беш өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык мелдештерде талаш жараткан эрежелерди тартипке келтирип, бир нукка түшүрүүнү көздөп жатат.
“Football Awards” сыйлыгынын тандоосу менен Кайрат Жыргалбек уулу 2018-жылдын мыкты футболчусу атыкты. Сыйлык тапшыруу салтанаты Бишкекте өтүп, ага бир катар спорт ишмерлери, футболчулар катышты.
Акыркы он жылдан бери “Алтын топту” Роналду менен Месси талашып келсе, быйыл 33 жаштагы хорватиялык Лука Модрич "Жылдын мыкты футболчусу" аталды.
Андрей 19 жашта. Ал төрт жашынан тарта ат минип, мал менен чоңойгон. Кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Айылдаштары менен жумасына бир жолу улак тартканды өнөкөткө айландырып алган. Кыялы Кыргызстандын көкбөрү бонча улуттук курамасына кирип, Манас Ниязовдой күчтүү улакчы болуу.
Бишкектеги Ак-Кула атмайданында көкбөрү боюнча "Чүй-Талас ынтымагы" турнири жыйынтыкталды.
Бейиш куштарынын ургаачылары түгөйлөрүн ырдатып, бийлетип тандайт. Булчуңдарды күчтүү кыла турган көнүгүү жүрөккө пайдалуу. Дүйнөдөгү эң кубаттуу супер компьютерлер АКШ жана Кытайга таандык. Байыркы майялардын Тикал шаарында 10 миллионго чамалуу эл жашаган.
Дагы жүктөңүз