Кызыл-Кыя шаарында кыргыз, өзбек жана тажик чек арачыларынын кичи футбол боюнча мелдеши өттү. Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, спорттук иш-чара аймактык чек ара кызматташтыгын бекемдөө жана чектеш мамлекеттер менен коңшулаш жакын мамилелерди түзүү максатында уюштурулган.
АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине киргизилген өзбекстандык ишкер Гафур Рахимов Эл аралык Олимпиада комитетинин эскертүүсүнө карабай, Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланды.
26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды.
Чүй облусунун Кара-Жыгач айылындагы гольф клубда аталган спорттун түрүнөн эл аралык мелдеш өттү. Ага Канададан тартып Орусия, Армения, Корея өндүү 11 мамлекеттен 50 гольф ышкыбозу катышты.
АКШнын Пенсилвания штатындагы кыргызстандыктар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган спорттук таймаштарды уюштурушту. Ага АКШнын ар кайсы штаттарында окуп, иштеп жүргөн 400дөй кыргыз жарандары чогулушту.
Сауд Арабиясындагы социалдык реформалар жемишин берип жатат. Чектөөлөр азайышы аялдар үчүн кыялдагы нерсени жакындатууда. Акырындап спортко үйүр боло башташты. Маселен Перс булуңунун жээгиндеги Дамам шаарында бокс менен алектенүүнү каалагандар көбөйдү.
Баткенде алгачкы ирет футбол боюнча Фергана өрөөнүнүн кубогу өтүүдө. Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаш футболчулары чакырылган. Баткен кошуна эки өлкө менен чектешип тургандыктан оюнду өткөрүүгө ыңгайлуу деп табылган. Мындай футбол мелдешин өткөрүү аркылуу кошуна элдердин ынтымаг
Кыргызстанда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өткөрө турган “Чебер мушкерлер лигасы” (PFL KG) аттуу жаңы уюм түзүлдү. Федерация өкүлдөрү алар менен келишим түзгөн мушкерлерге "жылына 10 миң доллар каражат төлөп беребиз" деп убада берип жатат.
7-октябрда таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду жеңди. Ал төртүнчү раундда Конорду муунтуу ыкмасы менен чемпиондукту утуп алды. Бул таймашты бишкектик күйөрмандар да абдан күтүшкөн эле.
7-октябрда "Күз деми" деп аталган марафон өттү. Ага бир жарым миңден ашуун жеңил атлетика ышкыбоздору катышты.
Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду жеңди. Ал төртүнчү раундда Конорду муунтуу ыкмасы менен чемпиондукту утуп алды.
Аксы районунун Мукур деген айылында 120 бала дүкөндүн кампасында спорт менен машыгат. Аларга элеттик тренер 37 жаштагы Бообек Нурматов спорттун каратэ-до түрүн акысыз эле үйрөтүп келет. Жакындан бери бул элеттик спорт-клубдун балдары таймаштарда алдыңкы орундарды ээлей баштады.
Дагы жүктөңүз