Ошто 2018-жылдын апрелинде түзүлгөн "Nomad" баскетбол кыймылы мелдештерге катышып, ийгилик жарата баштады. Баскетболчу улан-кыздар жөнүндө фотобаян. Сүрөттөрдүн автору - Азамат Алымкулов.
Ушул тапта Нарында кыш чилдеси күчүндө. Бирок сууктан коркпой, шаркыратманын муздак суусуна жуугандар да бар. Алар муну ден соолукка пайдалуу, сергек жашоо образы катары билишет.
Марафончу Нуршат Абабакиров “Максаттуу чуркоо” акциясынын алдында көзү азиздерге чуркоо менен таякча алууга каражат топтогусу келет.
Азия кубогундагы кыргыз футболчуларынын оюну улуттук намыстын шыктандыруучусу болуп калды деген пикирлер айтыла баштады.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков 21 жашта. Азия кубогунда Кыргызстан командасынын дарбазасын татыктуу коргоду.
Сооронбай Жээнбеков футболчулар менен жолуккан учурда жаңы стадионду куруу заман талабы экенин белгиледи.
24-январда Ала-Тоо аянтында Азия Кубогуна катышып, Бириккен Араб Эмираттарынан учуп келген футболчулардын урматына уюштурулган салтанат болуп өттү. Иш-чарада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына 2 млн. сомдук сертификат тапшырды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн таңда Бишкекке учуп келди.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн таңда Бишкекке учуп келди. «Ак шумкарларды» "Манас" аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана көптөгөн күйөрмандар тосуп алды.
Кыргыз футболчулары акыркы кезде чоң секирик жасаганы белгиленип жатышат. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүндө ойноду. Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) оюнунда күйөрмандык кылып, сүйүнүчтөн ыйлаган кичинекей Амирхандын видеосу соцтармактарда тарады. Ал учурда алты жашта. Спорттун бир нече түрүнө кызыгат жана дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин желегин чогултканды жакшы көрөт. "Азаттык" футболдун жаш күй
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия кубогунда Бириккен Араб Эмираттарынын командасына жеңилгени менен спорт элдин башын бириктирип, жалпы мамлекеттик ар-намыс менен демди ойготуп, өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүүгө зор мүмкүнчүлүк бар экендигин тастыктады. Эми эл арасында жетишкен б
Дагы жүктөңүз