Кыргызстандагы хоккей спорту кыздардын жалгыз командасы быйыл да мелдештерге катышпай калганы турат.
19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттешинде оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Курама командалардын башкы машыктыруучуларынын жана футболчулардын оюн тууралуу пикири.
Эки команда тең тайпадагы 2-орун үчүн ат салышып, тең чыкты.
Тажикстандын футбол боюнча курама командасы 17-ноябрда Бишкекке келип, 18-ноябрда Бишкектеги акыркы машыгуусун өткөрдү. Өткөн аптада тажик футболчулары Мьянмага 3:4 эсебинде утулуп калышкан.
Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында беттешет. Эки команда тең тайпадагы 2-орун үчүн ат салышууда.
19-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков стадионунда саат 20:00дө башталат.
19-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы тажикстандык спортчулар менен беттешет. «Азаттык» радиосунун Бишкектеги кеңсесине келген футболчулар алдыдагы чоң таймаштарга даярдыктар жана келечек пландары жөнүндө ой бөлүштү.
2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары оюнду баштады.
Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын оюнунда "Самурайлар" "Ак шумкарды" 2:0 менен жеңип алды.
14-ноябрда Бишкекте өтө турган Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча курама командаларынын беттешине даярдык аяктады. Оюнга билеттер беттеш башталарына эки күн калганда эле сатып кеткен. Бүгүн эки команданын оюнчулары оюн алдында машыгып, журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Жапон курама командасынын баасы асман чапчыган оюнчулары, ойноо стили боюнча Интернеттеги ачык маалыматтарга көз жүгүрттүк. Анын ичинде ФИФАнын рейтингине сереп салып, Кыргызстандын курама командасынын «көк самурайлар» деген атаандашы тууралуу маалымат топтодук.
Шейшембиде Польшада Допингге каршы эл аралык уюм – ВАДАнын үч күндүк конференциясы башталды. Жыйын Орусиянын спортчулары аралашкан кызытма жаңжалы курчуган маалда өтүп жатат.
Дагы жүктөңүз