Кечээ, 2-сентябрда Бишкекте башталган "Үч улуттун кубогу" мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды.
24-августта Жапониянын Токио шаарында XVI Паралимпиада оюндары башталды. Ага 162 өлкөдөн 4400дөн ашуун спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн күч сынашат.
Ысык-Көлдүн Челпек айылында жергиликтүү активисттердин демилгеси менен маркум журналист, “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин элесине арналып кичи футбол боюнча турнир өттү.
Медициналык окуу жайдын студенти Эмир Мырзабеков 14 жашынан баштап көчө спорту менен машыгат. "Башында бир да жолу тартыла алчу эмесмин" деген Эмир учурда 60 кишиден турган Көчө спортунун түрлөрү федерациясынын президенти.
Токиодогу жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталды. Коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учурап, бир жыл кечиккен бул оюндар тарыхта "эң катаал Олимп оюндары" катары эсте калды.
Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында байге алган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык спортчулар жана алардын машыктыруучулары Бишкекке келишти.
Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык оюнчуларды бүгүн, 7-августта Кыргызстандын эли чоң салтанат менен тосту. "Манас" аба майданында аларды расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу журналисттер, карапайым эл күтүп алды.
Токио Олимпиада оюндарында сууда көркөм сүзүү боюнча мелдештер өтүп жатат. 5-августта спорттун бул түрүнүн эки спортчудан турган мелдештери жыйынтыкталды. Бүгүн командалык жарыштар башталды.
Дагы жүктөңүз