Орусияда Борбор Азиянын жарандарын өлкөгө виза менен гана киргизүү демилгеси көтөрүлдү. "Адилеттүү Орусия" партиясынын лидери Сергей Миронов мындай сунушун буга чейин да айтып келген. Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар текшерүү ансыз да күчөгөнүн айтууда.
Бишкектеги "Мадина" базарындагы соодагерлер жаңы соода борборунан чоң акчага орун сатып алууга мажбурлап жатышканын, ал жакта шарт жоктугуна нааразы. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев кырдаалды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөрүн билдирген. "Мадина" базары 1-августтан тарта жабылат.
Жайкы сезондук жумушка Германияга барган 150дөй кыргызстандык улан-кыз качкындар лагеринде жүргөнү айтылган видеолор социалдык тармактарга тарады.
Wildberries'тин бир нече кампасына жасалган дрон чабуулдарынан кийин жүздөгөн кыргызстандык ишкер товары күйүп кеткенин билдирди. Электросталь, Котовск, Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы өрттөн кийин ишкерлер өкмөткө кайрылып, тарткан зыяны үчүн кенемте төлөө маселесин көтөрүштү.
Бремен шаарында жолдо калганын айтып чыккан кыргызстандык жаштарды Германияга Ferienjob аркылуу жумушка жөнөткөн Samara Academy агенттиги жоопкерчиликтен качпай турганын айтууда. Ленин райондук милициясы бул окуянын чоо-жайын териштире баштады. ТИМ жана элчилик маселе көзөмөлдө экенин билдирүүдө.
Орусиядагы Wildberries компаниясынын кампаларына жасалган дрон чабуулдары кыргызстандык ишкерлердин чыгымын дагы көбөйттү. Буга чейин Электросталь жана Котовск шаарларында кампалар өрттөнүп, жүздөгөн сатуучунун товары жок болгон. Эми Краснодар жана Невинномысск шаарлары бутага алынды.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун чет элдиктер тууралуу "жалган маалымат" тараткандар жөнүндөгү билдирүүсү талкуу жаратты. Ал "жооп берип, камаларын" эскерткен тизмеде таанымал укук коргоочулар, юристтер жана саясий серепчилер да бар.
Кыргызстанда өткөн апта соңунда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 110 сомго чейин кымбаттады. Мунай ташуучулар биримдиги Кыргызстан күйүүчү май импорттогон Орусия бензин жеткирүүнү дээрлик токтотконун айтууда. Кыргыз өкмөтү бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.
Орусиянын Wildberries маркетплейси аркылуу кийим-кечек сатып иштеген кыргыз ишкерлери өкмөткө кайрылып, миллиондогон рублдик товарлары дрон чабуулунан кийин өрт чалган кампада калганын билдирип чыкты. Азырынча чабуулдан кийинки өрттөн келтирилген чыгымдар тактала элек.
Орусиядагы Wildberries-Russ маркетплейсинин кампаларына жасалган чабуулдан улам чыккан өрттөн бир кыргызстандык жабыркап, ооруканага түштү. Электросталь шаарындагы компаниянын кампасындагы өрттө документтери калып кеткенин билдирип, кыргызстандык бир нече жаран элчиликке кайрылды.
Кыргызстанда быйыл туристтердин агымы көбөйдү. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, июнь айында чет өлкөдөн 1 миллион 827 миңге чукул адам келген. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик быйыл 12 миллиондой туристти кабыл алууну пландап жатат. Экологдор буга чочулоо менен карашууда.
Дагы жүктөңүз