Кыргызстанда 9-майда Жеңиш күнү белгиленүүдө. Бишкекте өткөн майрамдык иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, кайрылуусунда дүйнө согуштун сабагын албаганын белгиледи. Ошол эле маалда борбор калаада жана бир нече аймакта "Өлбөс полк" жүрүшү өттү.
Орус бийлиги бардык мамлекеттерди Киевден өз дипломаттарын чыгарып кетүүгө чакырды. Мындай чакырыкты эгер украин армиясы 9-майда Москвага сокку урса, сөзсүз жооп кайтарылат деп түшүндүрдү.
Ошто “снос” өнөктүгү кайра башталды. Бул жолу шаардагы Ак-Буура дарыясы жана Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз делген курулуштар бузулууда. Жээк бойлой, айрымдары суунун так үстүнө салынган объектилер экс-чиновниктерге жана уюшкан кылмыштуу топтордун мурдагы мүчөлөрүнө таандык экени айтылууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кризисине байланыштуу Перс булуңунда турган кемелерди коштоп өтүү операциясы убактылуу токтотуларын жарыялады. Трамп мындай чечимди Тегеран менен тынчтык келишимге келүү мүмкүнчүлүгүн баалоо аракети деп түшүндүрдү.
5-май Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү тарыхый дата. Эгемендик алган алгачкы жылдары өлкө өзүнүн Конституциясын кабыл алган күн. Ошондон бери ал бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болду. Быйыл Баш мыйзам күнүнө карата кайрылуусунда президент анын ар бир беренесин урматтоо маанилүү экенин эскертти.
Ошто мыйзамсыз объектилер кайра бузула баштады. Мындай имараттардын арасында мурдагы вице-мэр Нурбек Кадыровго, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, маркум Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Калмаматка таандык жайлар бар. Мурдагы спикер Келдибековго байланышы бар делген "Байсан" рестораны да түрттүрүлдү.
Өзбекстанда Каракалпакстан окуяларына байланыштуу ошол акциялардын лидери катары кармалып, 16 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан активист Даулетмурат Тажимуратовго дагы беш жыл кошулду. Навоиде сот аны "өтө кооптуу рецидивист" деп атап, шарты катаалыраак колонияга которууну токтом кылды.
"Азаттык" радиосунда студиянын коногу бул жолу кыйын учурдагы оор кырдаалда өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргогон өзгөчө адам болду. Ал Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко.
3-майда Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү белгиленди. Кыргызстандык айрым журналисттер бул жылы эч кандай иш-чара өтпөгөнүнө көңүл бурушту. Медиа эксперттер кыргыз журналистикасында мурдагыдай жигер жокпу деп суроо салууда.
Өткөн дем алышта беттерин чүмбөттөгөн орусиялык жүздөгөн аскер Малидеги Кидал шаарынан чыгып кетишти. Алар артында курал-жарак, ок-дары сакталган кампаларды, атып түшүрүлгөн тик учагын калтырып кетти. Орус Коргоо министрлигинин жалданма тобу же “Африка корпусунун” келечеги бүдөмүк кала берүүдө.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордонун” басма сөз кызматы кабарлады.
Дагы жүктөңүз