Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген кызматкерлер аралашкан чырдын чоо-жайын милиция териштирүүдө. Жыл соңунда болгон окуяда бөлүм башчы кызматкерин катуу сабап, зомбулук көрсөткөнү айтылган. Ооруканадан чыккан кызматкердин атасы уулунун абалына кабатыр экенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров “Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди” делген транспортту мыйзамдаштыруу боюнча жарлык чыгарды. Анын алкагында Орусиянын, Армениянын, Грузиянын жана Кыргызстан көз карандысыздыгын тааныбаган Абхазиянын номери менен жүргөн автоунааларга документ берилмекчи.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов «мамлекеттик чыккынчылыкка» жана Январь окуялары маалында «бийликти басып алууга» айыпталып, былтыр 18 жылга кесилген.
Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү тууралуу билдирүү таратып, лицей-мектептерде окутуу мурдагыдай эле улантыларын жана мугалимдер кадимкидей иштей берерин маалымдады. “Сапат” “Маарифке” өткөрүлөрү 31-декабрда маалым болгон.
Запорожье шаарында аба чабуулдарынан 13 кишинин өмүрү кыйылды. Темирлан Султанбеков эки айдан бери өзүнүн катышуусунда бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлбөгөнүн билдирди. АКШнын Лос-Анжелес шаарынын айланасындагы өрт беш кишинин өмүрүн алды.
Орус армиясынын 8-январдын кечинде Украинанын Запорожье шаарындагы аба чабуулунан 13 кишинин өмүрү кыйылды. Жараат алгандардын саны 100дөн ашты. Алардын он чактысынын абалы оор.
Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ден соолугу начарлап жатканын адвокаты жана атасы айтып чыкты. Султанбеков алы кетип, көрүүсү начарлай баштаганын жана сол буту ооруп жатканын кабарлаган.
Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкмөт башчылары үч өлкөнүн чеги кесилишкен жерде жолугушуп, чек аралардын такталышын символикалуу түрдө белгилешти.
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн салык саясатына байланыштуу жаңы жарлыкка кол койду. Ага ылайык, автотранспорт салыгы жоюлуп, жер салыгы боюнча мораторий 2030-жылга чейин узарып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) жөнөкөйлөтүү боюнча сунуш иштелип чыгат.
Президент Садыр Жапаров автотранспорт салыгын толугу менен жойгон жарлыкка кол койду. Өзбекстанда Гүлнара Каримова аялдар колониясынан жатак абакка которулганы белгилүү болду. Израилде митингге чыккандар 400 күндөн ашуун хамасчылардын барымтасында отурган туткундарды бошотууну талап кылды.
Жыл жаңырар алдында президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду. Ошондой эле “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзам демилгечилеринин айтымында, жакында парламентте комиссия түзүлүп, ишин баштайт.
Дагы жүктөңүз