АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кризисине байланыштуу Перс булуңунда турган кемелерди коштоп өтүү операциясы убактылуу токтотуларын жарыялады. Трамп мындай чечимди Тегеран менен тынчтык келишимге келүү мүмкүнчүлүгүн баалоо аракети деп түшүндүрдү.
"Азаттык" радиосунда студиянын коногу бул жолу кыйын учурдагы оор кырдаалда өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргогон өзгөчө адам болду. Ал Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко.
Израилдин президенти Ицхак Герцог Иран Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүү максатында колдонушу мүмкүн деп эсептейт. Мындай пикирин ал жакынкы күндөрү Казакстандагы мамлекеттик сапары учурунда Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн раввиндери менен жолугушууда айтканын JNS басылмасы жазды.
Быйыл 9-майда Жеңиш күнүнө арналган парадга Кызыл аянтка аскердик техника чыкпайт. Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканы биринчи жолу ушундай чечим кабыл алды. Кремль парадга чет өлкөлүк лидерлер келерин маалымдады. Азырынча кимдер экени так белгисиз.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 20-пакетинде Кыргызстанга байланыштуу чектөө киргизилгенин сынга алды. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин 28-апрелде тараткан билдирүүсүндө айтылды.
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери чогулду. Саммитке согуштук абалда турган Ирандын генералы келиши талкууга түшүп, Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаалга уюм таасир эте алабы деген суроо коюлду.
Орусиянын Туапсе шаарындагы мунай заводго 28-апрелге караган түнү кайрадан дрон менен сокку урулду. Анын натыйжасында ишканада өрт тутанды. Жабыркагандар жок. Заводго жакын жашагандар коопсуз жакка көчүрүлө баштаганын жергиликтүү бийлик билдирди. Бул заводго апрель айында коюлган үчүнчү чабуул.
Улуу Британиянын парламентинин жогорку палатасы - Лорддор палатасы Кыргызстандын башкы прокурору баштаган үч адамга санкция киргизүүнү британ Тышкы иштер министрлигине сунуштады. Алар кыргыз аткаминерлерин “Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат” деп айыптоодо.
Улуу Британиянын Лорддор палатасы Кыргызстандын башкы прокурору баштаган үч адамга санкция киргизүүнү сунуштады. Анда башкы прокурор Максат Асаналиевдин, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин жана Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы башчысы Марат Пирназаровдун ысымы аталган.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп мындан ары Иран менен сүйлөшүүгө делегация жөнөтпөй турганын билдирип, эгер Тегеран сүйлөшүүнү кааласа, телефон аркылуу же түз деле «кайрылса болот» деп айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын Камчыбек Ташиев тууралуу маеги коомчулуктун кызуу талкуусунда турат. Бүгүн президент да үн катты. Улуу Британиянын Лорддор палатасы Кыргызстандын баш прокурору баштаган үч адамга санкция киргизүүнү британ Тышкы иштер министрлигине сунуштады.
Дагы жүктөңүз