Орусиянын Ыраакы Чыгышында жүргүнчү салган Ан-24 учагы кырсыкка учурады. Борттогу 48 адамдын бири да аман калган жок. Украинанын Одесса аймагы жапырт дрон чабуулуна туш болду. Орус-украин делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсү жарым саатка гана созулду.
Түркиянын Стамбул шаарында орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өтөт. Кыргызстан Орусиядан мигранттардын документтерин кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачууга үндөдү. Казакстан дарыгерлерге зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтөт.
Стамбулда орус жана украин делегацияларынын толук курамдагы сүйлөшүүсү жарым сааттан ашык убакытка созулду. Сүйлөшүүлөрдүн 3-айлампасы буга чейинки жолугушуулардан кыска болду. Бул жолу эки делегациянын башчылары Рустем Умеров менен Владимир Мединский сүйлөшүүнүн алдында өзүнчө жолугушту.
Якутияда шахтерлорду ташып бараткан автобус жардан кулап, 13 адам, анын ичинде үч кыргыз жараны мерт болду. Израилдин танктары Газанын борбордук бөлүгүндөгү Дейр ал-Балах шаарына биринчи жолу кирип барды. Ошто узак жылдардан бери шаардын борбордук бөлүгүн ээлеп келген базарлар көчүрүлүп жатат.
Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Газанын Дейр ал-Балах шаарындагы операциясын улантууда. Маалыматка караганда, танктар турак жайлар менен мечиттерди аткылап жатат. Израил террорчулардын инфраструктурасын жок кылууну көздөгөнүн айтып келатат.
Орусия түн ичинде кошуна өлкөсүнө соккуларын улантты. Украин тараптын дрон чабуулунан жекшембиде Москва баш болгон бир нече шаарда аэропорттордун иши үзгүлтүккө учураган. Түркиялык медиа дипломатиялык булактарга таянып, орус-украин сүйлөшүүлөрү 23-24-июлда өтүшү мүмкүн деп жазды.
Кабулда төрт жыл мурун бийликти басып алып, Ооганстан Ислам Эмиратын түзгөн "Талибан" өкмөтүн Орусия расмий тааныды. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, соода жана инфраструктура боюнча бирге иштешүүгө аракет кылып жатканы менен талиб өкмөтүн расмий тааный элек.
Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты дарыгерлери сабалган окуялардан улам бийлик башчыларына кайрылды. ЮНИСЕФ уюму Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатканын эскертти. Кыргызстан 12 жылдык окутууга өтүп, тиешелүү министрлик ага даярдыктарын дале улантууда.
ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылат. Эки жылга жакындап бараткан урушту токтотуу боюнча Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Ал арада Израил аскрелеринин рим-католик чиркөөсүнө урган соккусун бир катар өлкөлөр айыптады.
Бишкекте Улуттук госпиталдын эки дарыгери сабалды. Жалал-Абадда Жаза аткаруу кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер каза болду. Украинанын Днепр, Доброполье шаарларына сокку урулду, Орусиянын Белгород жана Воронеж аймактарына дрондор чабуул жасады.
Сириянын Сувейда чөлкөмүндө армия менен этностук друз азчылыгынын кошуундарынын кармашы жанданды. Ок атышууну токтотуу режими бир нече саатка гана созулду. Сириянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү муну "дин аралык чыр-чатак эмес, мамлекет менен бандиттер ортосундагы жаңжал" деп мүнөздөдү.
Бишкектин Тунгуч районунун тургундары менен жолугушуу учурунда шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди атайын кызмат суракка алып кетти. Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Бишкектеги иш сапары кезектеги кармоолор менен коштолду.
Дагы жүктөңүз