Жогорку Кеңеш бир катар айылдардын тарыхый аттарын кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштыруу демилгеси кайрадан көтөрүлдү.Орус президенти Владимир Путин ядролук сокку уруунун сценарийлери кеңейтилген жаңы доктринага кол койду. Өткөн түнү Украина Орусияны ATACMS менен атканы кабарланган. Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков добуш сатып алуу боюнча президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун сөздөрүнө жооп берди.
Кыргызстан
ишемби 23 Ноябрь 2024
Өлкөдөгү бир катар айылдардын тарыхый аталыштарын кайтаруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Талкуу учурунда айрым депутаттар Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштыруу демилгесин кайрадан көтөрүштү.
Төрт райондун аты качан алмашат?
Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүү демилгесин бул сапар Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев көтөрдү.
Ал 19-ноябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Кыргызстанда аталышы өзгөртүлө турган аймактардын тизмегин бир мыйзам долбоору менен алып келүүнү, ага Бишкектин райондорун да кошууну сунуштады.
“Бишкектин төрт району боюнча качан алып келесиздер? Өткөндө ошол маселени көтөрдүм эле, жакшы карабайсыздарбы. Кимдин, кандай аталышты коёсуздар, талкуулап чыксак. Тажикстанда баарын бир күндө эле өзгөртүп коюптур. Биз бир-бирден, улам-улам алып келип жүрөбүз. Баарын бир эле мыйзам менен өзгөртүп салалы”.
Ошентип, 19-ноябрда “Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети жактырып, 20-ноябрда Жогорку Кеңеш биринчи окуудан өткөрдү.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Анда Жалал-Абаддагы Параканда – Баракелде, Нарындагы Большевик - Баялы Исакеев, Таластагы Новодонецк – Айтматов, Чүйдөгү Чоң-Арык – Сыйдалы, Ысык-Көлдөгү Теплоключенка - Ак-Суу айылы деп кайра аталсын деген сыяктуу сунуштар киргизилген. Мыйзам долбоорун толук бул жерден окусаңыз болот.
Документтин баяндама катында “мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган” деп жазылган.
"Александровка, Романовка, Гавриловка, Военно-Антоновка..."
Жарандык активист Чоробек Сааданбек кошо советтик мезгилден бери өзгөрбөй келген жер-суу аттарын алмаштыруу демилгесин колдогондордун бири. Ал бул маселе эбак бышып жетилгенин белгиледи:
“Жалпы Кыргызстанда айылдардын тарыхый аталышын кайтаруу - бул тарыхый аң-сезимибизге кайтуу дегенди билдирет. Биз орустар келгенге чейинки ошол жерлердин аталыштарын ата-бабаларыбыздын санжырасына байланыштырып билишибиз керек. Болбосо “орустар келгенче мал кайтарып жүргөнбүз, тилибиз, тарыхыбыз болгон эмес” деп качанкыга чейин жүрө беребиз? Жетиштүү эле болду, муну биз кылбасак, бизден кийинки муун кылышы керек. Бара-бара эмес, илгери эле жасап коё турган иш болчу. Эмнеге өзгөчө Чүй менен Ысык-Көл өрөөнүнүн айылдарынын аттары бүт эле “овка” менен аяктайт? Мынча болду Чүй облусун “Чүйка” деп коёлу”, - деди.
Спикердин сунушуна Орусия эмне үчүн теригет?
Соңку жылдары Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү демилгеси парламентте утур-утур көтөрүлүп жүрөт. 2022-жылы биринчи Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да Бишкектеги төрт райондун - Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун атын өзгөртүү маселесин көтөргөн.
Анын сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары Кыргызстанда “орус тилин кодулоо болуп жатат” деген сын айтышкан. Бир катар орус басылмалары бул темага өзгөчө көңүл буруп жазышкан.
Жарандык активист Марат Мусуралиев Кыргызстандагы шаар, айыл-кыштактардын тарыхый аталышына кайтаруу геосаясий маселеден улам ишке ашпай жатат деп эсептейт:
“Азыр дагы деле Москванын басымы алдында жүрөбүз. Экономикалык, идеологиялык, тил, ошол эле айыл аттары менен саясий жактан басым кылат. Орусия Кыргызстанды, Борбор Азияны делеге мурунку Советтер союзунун саясий аймагы катары көрөт. Мурунку колониясы катары карашат”.
Кыргызстанда оторчулук доордон, андан кийин советтик мезгилден калган коммунисттик пропаганда, идеологиялык мааниси бар шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү демилгеси узак жылдан бери аягына чыкпай келүүдө.
Жарандык активист Чоробек Сааданбек айыл, район, шаар аталыштарын алмаштырууда кайсы бир инсандын ысымын ыйгаруу эмес, тарыхый аталышын, маанисин түшүндүрүү зарыл экенин белгиледи:
“Орустарга чейинки кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын кайтарабыз десек жакшы. Жөн эле алмаштыра бербешибиз керек. Ушунча болгон соң данектүү иш кылышыбыз зарыл”, - деди Сааданбек.
Анткен менен Кыргызстанда эгемендик алгандан бери айрым айыл, район аттары өзгөртүлүп келет. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги жергиликтүү бийлик, элдин демилгелери менен жыйырмага жакын айыл, район аттарын алмаштырууну сунуштап, аны парламент колдоп берген.