Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «16 миллион сомго кайсы китептерди чыгаралы?» деп элден сурады эле, түркүн тизмелерди ар ким сунуш кылды. Биз китепкөйлүк салтын жандандырууга багытталган ушул иштин натыйжалуулугу боюнча бир катар суроолорду талкуулайлы.
КЭРдин борбору Бээжинде байырлап, «Манас» таануу жаатында белсенип эмгектенип жаткан кытайлык кыргыздардын чыгаан өкүлү Адыл Жуматурдунун бейнеси тууралуу бишкектик замандашынын блогу.
Австралиядагы жана Ала-Тоодогу тоо-кен компаниялары тарыхый мураска жана экологияга кайдыгер мамилеси үчүн кескин сынга кабылууда. ЮНЕСКО аркылуу заттык жана заттык эмес маданиятты, тарыхый мурасты сактоо урааны чакырылып келет. Кыргызстандыктар да бул кыймылга үн кошууда. Тарыхчынын блогу.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасын терең үйрөнүү зарыл. Адабиятчы Назгүл Турдубаева “Ж.Мамайдын “Манасынын” түп нускасын билбегендердин калпыстыгына түзөтүү киргизүү” чакырыгы камтылган блогун сунуштайт.
Кыргызстандын борбор шаарынын тарыхый аталышын калыбына келтирүүнүн өзү да 1990––91-жылдардагы эгемендик үчүн күрөштүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Тарыхчынын блогу.
«Күз айына белгиленген парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу керек, андан көрө бар күчүбүздү таажы вирусуна каршы жумшайлы» дешет бир катар таанымал саясатчылар.
Кыргызстан экономикалык оор кризисте экендиги эч кимде күмөн санатпайт.
Белгилүү тарыхчы, профессор Ташманбет Кенесариев «жайсаңчылардын» залкар манасчы Ж.Мамайдын мурасына шек келтирүү боюнча соңку далалаттарын илимий сынга алат.
Жаш блогчу Лира Майрамбек кызы өспүрүм кезде ыдык көргөн кыздардын, үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп жаткан аялдардын тагдыры тууралуу ойлонууга чакырат.
Дагы жүктөңүз