Базар-Коргондо 62 жаштагы баатыр эне 26 жылдан бери айылдык китепкананы өзү жашаган турак үйдө иштетип келет. Тажрыйбалуу китепканачы мамлекеттен айлык маяна гана алганы болбосо имаратты оңдоп-түзөө жана коммуналдык чыгымдарды өз эсебинен төлөйт. Учурда өз күчү менен китеп фондун алты миңден ашырды.
“Данисте” телекөрсөтүүсүнүн бул чыгарылышында оюнга миллиондорду тапкан онкологиялык бейтаптарга каражаты жок кыргыз өкмөтү, базарда кагаз төшөнүп уктаган балага көрүлгөн камкордук, Москвадагы эрежесиз эр уруштарда топ жарган кыргыз мигрант мушкерлери, жаратмандыгы оргуштаган студент, Актурпак күрүч
Данисте: моторчу жана роботчу кыздар
- Жаңы окуу жылы башталганы менен кээ бир балдар үчүн мектептин эшиги жабык бойдон калды. - Билим алууну эңсеген эгиз бала саламаттыгына байланышкан тоскоолдукка карабай мектепке кабыл алынды. - Нарындык майып уста Рахат Үсөнкожоев төшөктө жатып алып колдо жасаган буюмдарын эми интернет аркылуу са
“Азаттык” радиосунун “Данисте” телекөрсөтүүсү эс алуудан кийин кайрадан эфирге чыга баштады. Программаны мурдагыдай эле ар шейшемби сайын саат 21:30да ЭлТР каналынан көрө аласыз. Бул чыгарылышта: Көчмөндөр оюну тууралуу чет элдиктердин пикири, Балыкчы-Корумду канжолундагы топуракка көмүлгөн үйлөр, Ү
“Данистенин” бул жолку чыгаралышында Таластагы Кең-Кол өрөөнүндөгү тарыхый мүрзөлөрдүн уурдалып, талкаланып жатышы, Жалал-Абадда чек арадагы какыраган талаада пайда болгон гүлбакча, Баткендеги 55 жыл бир велосипедди тепкен аксакал, 80 жаштагы сүрөтчү апа, Италиядагы бийчи кыздар тууралуу видео ба
Түрк бийлиги аскердик төңкөрүш аракетине диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап, анын тарапкерлери негиздеген бардык мекеме-уюмдарды, окуу жайларды жабууда.
“Ошэлектр” ишканасы “Спецэнергострой” фирмасынан 2 миллион сомдон ашык акчасын алты жылдан бери өндүрө албай жатканын, укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартып келгенин айтып чыкты. Бул фирма 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин дайынын чыгарбай кеткен.
“Данисте” берүүбүздө Москвадагы мекендештерибиздин турмушунан бир үзүм. Берүүбүздүн башкы каарманы – чет жерде самсы сатып, тиричилик кылган Созул эже.
Чүйдүн Петровка айылындагы 11-класстын окуучусунун өлүмүн укук коргоочулар мектептеги зомбулуктан көрүшөт. Мектеп жетекчилиги окуяга билимкананын тиешеси жок деп караманча каршы болууда. Эксперттер маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары баркталып баратканына кооптонууда.
Чүйдүн Петровка айылындагы 11-класстын окуучусунун өлүмүн укук коргоочулар мектептеги зомбулуктан көрүп жатышат.
1-апрелде америкалык астронавт Скотт Келли ардактуу эс алууга кетти. 52 жаштагы астронавт эми космоско байланыштуу медициналык изилдөөлөргө катышат. Ал космосто жүргөндө бою 5 сантиметр 9 милиметр узарган. Космонавттардын бою орбиталдык мейкиндикте өсүп кетери окумуштууларды такай ойлонтуп келет.
Дагы жүктөңүз