Омар Хайямсыз ислам маданиятынын алтын доорун элестетүү мүмкүн эмес. Анын ырлары 19-кылымдагы Европа маданиятына олуттуу таасир этип, Батыштын Чыгыш поэзиясына кызыгуусун арттырган. Ал түзгөн Күн календары дүйнөдөгү эң так календардын бири деп таанылган.
Бир үйдүн тиричилиги башына түшкөн 13 жашар Айчүрөк эки жарым жылдан бери базарда желим баштык терип, майып энесин жана инисин багып келет.
1940-60-жылдары кыргыздарда Автандил, Тариэль, Тинатин, Рустеван сыяктуу ысымдар көп коюлган. Бул адамдар грузиндердин "Жолборс терисин жамынган баатыр" дастанынын башкы каармандары. Быйыл көөнө дастандын автору Шота Руставелинин 850 жылдык мааракеси.
Кыргызстанда үй-бүлөдө зомбулук көргөн аялдар милиция менен соттун көңүл сыртында калып жатат. Ошондой эле күнөөлүүнү жоопко тартуу, соттук иштерди алып баруу, иликтөө амалдарын жүргүзүү кыйла аксап келет
Шайлоого чыккан партиялар тизмесине квотанын негизинде кирген, бирок аты-жөнү коомчулукка тааныш эмес аялдар көп.
Нарындын жогорку тарабындагы ГЭСтердин курулушу жылбай турат. Ушул тушта Нарында жумушчулар шаарчасы каңгырап бош, ГЭС түшө турган каналда иштин изи билинбейт.
“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы “Макмал” алтын комбинатынын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жолдорун издеп жатат.
Жогорку Кеңеште “Кыргызмунайгаз” ишканасы боюнча дооматты иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү.
Жазуучу Каныбек Иманалиевдин “Шабдан баатыр” деген романынын негизинде режиссер Эрнест Абдыжапаров жазган эки сериялуу көркөм тасманын долбоордук сценарийи тууралуу коомдук талкуу май (бугу) айынын 11инде Бишкек шаарында өткөрүлдү.
Тоң районунда жашаган бир үй-бүлө беш баласы менен белгисиз тарапка кетсе, 80 жаштагы байбиче очор-бачар болгон төрт кызын ээрчитип согуш жүрүп жаткан аймакка жол тартканы аныкталды.
Динаятчылар жана айрым эл аралык эксперттер буга чейин даават ишинин Кыргызстандагы таралуусун ийгиликтүү деп эсептеп келсе, соңку мезгилде бул диний системаны радикал көз караштагы уюмдар өз максатына жетүү үчүн колдонуп жатат деген пикирлерлер айтыла баштады.
Кыргызстанда мамлекеттик медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгы жыл санап бул тармакта иштегендердин саны кыскаруусуна алып келген. Натыйжада ооруканалардын саны акыркы 20 жылда эки эсеге азайып, мыкты деген шыпаагерлердин бир тобу Бишкек жана Ош шаарларына топтолсо, дагы бир тобу чет өлкөлөргө чыгып кеткен.
Дагы жүктөңүз