Сүрөт баян
Окуу жылы жаңы өзгөрүүлөр менен башталды

Кыргызстанда 2333 мектеп бар. Аларда бир жарым миллионго жакын окуучу билим алат. Быйыл Кыргызстанда 160 миңден ашуун окуучу 1-класска барды.
Кыргызстанда мектептер 1-сентябрда окуучуларга эшигин ачты. 2020-жылы пандемияга байланыштуу мектептерде окуу токтотулуп, 2021-жылы окуу 15-сентябрда башталган эле.
Арстанбап - касиеттүү, берекелүү жана сырдуу токой

Облуста 14 токой чарба, 38 миң гектардан ашык жаңгак токой бар. Анын 5 миң гектары өзгөчө коргоолучу аймак болсо, 800 гектары жаш мөмө албаган көчөттөр.
Жергиликтүү эл жаңгак токою менен күн көрөт. Токой сыртынан жыш көрүнөт. Бирок эксперттер соңку жылдары суюлуп баратканын айтып келишет.
Арстанбап - жаңгак токоюнун аянты 600 миң гектарга жакын. Илимпоздор токойду Кыргызстандын улуттук баалуулугу эле эмес, глобалдык жаратылыш ресурсу катары атап келишет. Токойдо жаңгактан башка бөрү карагат, ит мурун, чие, алча баштаган өсүмдүктөр да өсөт.
Прагада Кыргызстандын эгемендик күнү белгиленди
40 жыл мурун Ванга көчүп барган кыргыздар
Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына быйыл 40 жыл болду. Жекшембиде алар байырлаган Улуу-Памир айылында атайын иш-чара өттү.
Көлдүн суусу кескин тартылып кетти. Булуң-бурчтан тартылган сүрөттөр

Катуу ысыктан жана жаан-чачындын жоктугунан Румыниядагы Амара көлүнүн суусу болуп көрбөгөндөй тартылып кетти. Мунун айынан айыл чарба багытындагы 100 миң гектар жер зыян тартты. Өткөн жумада Румынияда сууну керектөөгө чектөө киргизилди.
Дүйнө жүзүндөгү ар кайсы мамлекеттерде тартылган кызыктуу сүрөттөрдүн топтомун тартуулайбыз.
Эски аянттагы айт намаз

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген. Ошондон бери алгачкы жолу быйыл Орозо айт жана Курман айт намаздары Бишкектин Эски аянтында окулду.
Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.
Быйылкы "Акыркы коңгуроо"
Бүгүн 9-июнда Кыргызстанда окуу жылы аяктап, өлкө аймагындагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү. Бул окуу жылы 15-сентябрда башталганы үчүн майрамдык иш-чара адаттагыдан 15 күн кеч белгиленди.
Чектелбеген мүмкүнчүлүктөр: Ар бир аял ажарлуу
Балдарды кубанткан майрам

Кыргызстанда 18ге чыга элек 2 млн. 400 миңден ашык бала бар. Алардын жарымынан көбүн (51%) эркек балдар түзөт.
1950-жылдан бери 1-июнь - балдарды коргоонун эл аралык күнү катары белгиленет. Бүгүн бул күндүн урматына Бишкек шаарында жана өлкө аймагында бир катар майрамдык иш-чаралар уюштурулду.