Сүрөт баян
Шайлоо жана референдум: түшкө чейинки жагдай
Айзаданын өмүрүн кыйган кайдыгерлик

Кыздын дайын-дареги чыкпай жатканы тууралуу маалыматты басылмалар 7-апрелде жазышкан. Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектин Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Кыргызстан апрель окуяларынын курмандыктарын эскерди
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
Апрель окуясы: аянтта төгүлгөн кан
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Жаркын маанай чачкан журналист түбөлүк жайга кетти
"Азаттык" үналгысында көп жылдар бою эмгектенип жүрүп, эс алууга чыккан журналист жана коомдук ишмер Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан көз жумду. Анын жаркын элеси өзү жарыялаган жана обого чыгарган эмгектеринде, замандаштарынын жүрөк толтосунда жана сүрөттөрдө калды.
Чек ара: “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери ачылды
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Аскерлер ири машыгууга даярданууда
Кыргызстанда “Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу Түштүк-2021” деген аталыштагы аскердик машыгууларга даярдык жүрүп жатат. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар 1-3-апрель күндөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт.
Көк бөрү: "Ынтымактын" жеңиши

"Ынтымак" командасынын капитаны Жолдошбек Орозбаев чемпиондук кубокту алган учуру. Ушуну менен Таластын "Ынтымак" командасы 2 жыл катары менен Нооруз кубогун утуп алды.
21-мартта Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталды. Бул команда финалда Оштун “Достук” командасын жеңип алды. “Нооруз-2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шердин жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элестерине арналды.
Пандемиядагы Нооруз

Көктөм майрамы экинчи борбор Ошто чоң салтанат менен өттү.
Бүгүн - 21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Борбор калаа Бишкекте коронавируска байланыштуу Ноорузга карата иш-чаралар токтотулган. Мындай чечим COVID-19 жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан кабыл алынган. Башка аймактардын дээрлик баарында майрамга арналган иш-чаралар уюштурулууда.
Өкмөт Ирактан 79 баланы алып келди
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
Хунтага каршы айбат кылган бирмалыктар

Хунтанын төңкөрүшүнө каршы чыккан демонстранттар жөө жүрүш учурунда "Биз аскердик төңкөрүштү кабыл албайбыз!" деген жазууларды кармап турушат. Мандалай шаары, Бирма. Жекшемби, 14-март, 2021-жыл.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.