Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри, буга чейин Мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеген Нурдан Орунтаев "Азаттыкка" маек курду. Ал курулуш тармагындагы көйгөйлөр, реновация, реформа тууралуу суроолорго жооп берип, өзүн коштогон айрым талаштуу окуяларга комментарий берди.
2023-жылдын ноябрынан бери Мамлекеттик курулуш агенттигин башкарып, былтыртан тарта министрликти жетектеп келаткан Нурдан Орунтаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Ал курулуш тармагындагы көйгөлөр, реновация, реформага байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун кызматкери каза болгондон кийин Орусиядан кошумча маалымат сурады. 28 жаштагы Дарья Шипилова 2-октябрда каза болгондон кийин 200дөй адам карантинге алынган. Иркутскидеги окуя эл аралык деңгээлде кооптонуу жаратты.
Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо тууралуу маалымат тараган соң “Азаттык” аймактагы кыргызстандык мигранттар менен байланышып, жериндеги абалды сурады. Алардын айтымында, күнүмдүк жашоо кадимки нугунда өтүп жатат. Бирок айрым адамдар этияттык үчүн беткап тагына баштаганы байкалууда.
7-октябрда Газадагы согушту тутанткан кандуу чабуулга үч жыл толду. Израилде 1200дөй адамдын өмүрүн алган чабуулдун курмандыктарын эскеришти. Газада болсо согуштун изи дагы деле өчө элек. Калаалардын бир топ бөлүгү урандыга айланган. Миңдеген үй-бүлө жакындарын жоготкон.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылган петицияга 30 миңге жакын адам кол койду. Петиция депутаттын жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу сунушунан кийин башталган.
Францияда билим берүү шарттарына нааразы болгон окуучулар менен полиция кагылышты. Миңдеген адам кармалып, жүздөгөн киши жараат алды. Арасында 15 жаштагы өспүрүм бир колунан ажырады. Окуучулар сентябрдан бери мектептердеги шартты жакшыртууну талап кылып келатат.
4-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында жапырт мушташка шектелип эки кыргызстандык жана эки орусиялык жаран кармалды. Кармалган кыргызстандыктардын бирине операция жасалганы белгилүү болду.
Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында жапырт мушташка шектелип эки кыргызстандык жана эки орусиялык кармалды. Кыргыз жарандарынын бирине операция жасалганы белгилүү болду. Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жараат алган жана кармалган кыргыз жарандарынын укугун коргоо чаралары көрүлүп жатканын маалымдады.
Орусияда кара тумоодон болушу ыктымал деген адам өлүмү тууралуу маалыматтан кийин Борбор Азиянын чек араларында санитардык көзөмөл күчөдү. АКШ да абалга жакындан көз салууда. Арийне, Орусия илимий кызматкердин кооптуу илдеттен көз жумганын жана лабораторияда кырсык болгонун четке кагууда.
Мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен мамлекетке өткөн мүлк маселеси парламентте көтөрүлдү. Өзбекстанда 14 жашка чейинки балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамын Сенат жактырды. "Бишкек Аренанын" ачылышынан улам 5-октябрда Бишкекте окуу онлайн өтөт.
Дагы жүктөңүз