Беларус коопсуздук күчтөрү 20-июлда президент А.Лукашенканын режимине каршы нааразылык чарасына чыккан ондогон адамдарды кармады.
Омскидеги карамайды кайра иштетүүчү ишкана Бажы Биримдигине кирбеген өлкөлөргө бензин сатууну токтотуп, Кыргызстанда май таңкыстыгы орун алды.
“Доор ураганда” түрмөгүнүн бул чыгарылышында кыргыз кыз-келиндеринен чыккан чыгаан окумуштуу, филология илим доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги Бүбүйна Орузбаева тууралуу баяндайбыз.
Минск шаарында өткөн унчукпоо чарасы маалында ондогон кишилер камакка алынды. "Азаттыктын" Беларус кызматы. 13-июн, 2011-ж.
Англис тили боюнча адис, илимдин кандитаты Азизбек Жумашев Кытай менен чектеш Алайкуу өрөөнүнүн алыскы Көк-Арт айылында мугалим болуп эмгектенет.
Түркмөнстандын Абадан шаарынын аскер кампасында 8-июлдагы ири жарылуудан соң, бул аймактагы калайык коопсуз жайга шашылыш көчүрүлдү. Бул тасманы уюкфонго тартып алган ЭЕ/АҮ угарманы "Азаттыкка" жиберген. 08/7/2011.
Беларус полициясы 6-июлда башталган нааразылык чараларына катышкан жана тек байкап турган жүздөгөн кишилерди кармап кетти. ЭЕ/АҮ Беларус кызматынын кабарчысы Олег Груздилович (Hruzdzilovich) өзү да 6-июлда кармалып бараткан чагында полиция машинесинин ичинен айрым жаштарды маекке чакырды. ЭЕ/АҮ. 07.7.2011.
Кытайлык мунай компанияларынын казакстандык жумушчуларга каршы колдонгон жаза чараларына нааразы казак атуулдары Алматыдагы Кытай консулдугунун кеңсесинин алдында нааразылык жыйын өткөрүштү. ЭЕ/АҮ Казак кызматы. Казакстан. 06.7.2011.
Айрым кыргыз атуулдары дээрлик унутта калган көөнө салт-жөрөлгөлөргө кайрылып, аларды заманага ылайык жаңыртууга аракеттенип келет. Сокулук районундагы "Ала-Тоо" конушунун тургуну Кубан Тезекбаев жана анын пикирдештери өздөрү теңирчиликтен калган деп эсептеген "Таңды тосуу" жөрөлгөсүн күн сайын аткарышууда. М.Токталиев. "Азаттык" үналгысы. 05.7.201
Андрей Пачобут (Andrei Pachobut), полшалык Gazeta Wyborcza басылмасынын беларустук кабарчысы, президент А.Лукашенканы жаманатты кылды деген доо менен камакка алынган. Ал 3 ай абакта жаткан соң сот залынан бошотулду. Гродно, Беларус. ЭЕ/АҮ. 05.7.2011.
Беларустун Көз каранды эместик күнүндө (3-июлда) Минскидеги башкы темир жол бекетинин жанында жүздөгөн кишилер унчукпай нааразылык кылуу чарасына катышышты. Алардын көптөгөн өкүлүн коопсуздук күчтөрү ур-токмокко алып, айрымдарын кармап кетти. ЭЕ/АҮ Беларус кызматы. 03.7.2011.
Дагы жүктөңүз