Кыргызстандагы медиа өкүлчүлүк өтүп бараткан аптада быйыл өлкөдө журналисттерге айып пул салуу кескин өсүп кетти деген билдирүү менен чыкты. Ушул эле аптада 1 млн. сомдук айыпты төлөбөй жатат деген негиз менен “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков 24 саат камакта отуруп чыкты. Кыргызстандагы маалымат каражаттары жана журналисттер кирептер болгон жагдайлардын себептерин иликтеген апта окуясы “Азаттыктын” окурмандарына сунушталат.
9-сентябрда кечке жуук “Алиби” гезитинин мурунку башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына камалды. Оппозиция Жээнбековдун камакка алынышын кескин айыптап, аны сөз эркиндигин муунтуу жана коркутуу катары мүнөздөдү. Ал эми бийлик Жээнбеков тергөө ишине тоскоол жасайт, ошондуктан кармалды деген пикирди айтууда.
Күмөндөр Усуптегин, Нарын Нарын районундагы Орто-Саз айылында кылым карыткан Осмонбаева Бурмаш Баймат кызы жашайт. 1904-жылы туулган Бурмаш эне токсон жыл мурдагы Улуу Үркүнгө катышкан бүгүнкү замандын саналуу карыяларынын бири. “Азаттыктын” Нарын дубанындагы өз кабарчысы 104 жаштагы карыя менен анын үйүндө баарлашып кайтты.
Бүгүн Билим күнү. Өлкөдө бардык жалпы билим берүүчү жана жогорку окуу жайлар ачылып, жаңы окуу жылы башталды. Быйыл Кыргызстанда 1 миллиондон ашуун окуучу мектепке бара турган болсо, алардын 96 миңи жаңы мектеп босогосун аттап жаткан жаш жеткинчектер. Жаңы окуу жылын студенттер окууга болгон баанын көтөрүлүшү менен тосуп алышса, башталгыч класстын окуучулары бирдей окуучулук формага өтө турган болушту.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 17 жылдыгы 24-августагы авиакырсыкка байланыштуу баш калаа Бишкекте биринчи жолу белгиленген жок. Ал эми өлкөнүн түштүк борборунда майрамдык салтанат расмий маанайда башталды. Бул жолку салтанаттын өзгөчөлүгү мамлекеттин гимн менен башталып, «Ак жол» партиясынын ыры менен аяктаганы болду.
Бул жолу “Азаттыктын” “Эл үнү” уктуруусуна жакында эле Бишкек шаарынын чет жакасына кулап түшкөн “Боинг-737” учагынын курмандыктарын эскергендер, алардын жакындарына көңүл айткандар, милиция кызматкерлеринин көчөдөгү адамдарды кармап, ыксыз эле документ талап кылууларын сындагандар, кыштын катаал болорун ойлоп камтама болгондор кайрылышты.
Бүгүн Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнүн он жети жылдыгын белгилөөдө, бирок Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында жыл сайын өткөрүлүүчү майрамдык салтанат быйыл болгон жок.
Апта башында көз карандысыз “Де-факто” гезитинин баш редакторуна каршы козголгон ишти Биричи май райондук соту Бишкек шаардык прокуратурасына кайра тергөөгө жиберди. Ушул эле аптада Биринчи май райондук соту гезитти дагы 2 миллион сом доого жыккандыгы маалымдалды.
28-июлда Биринчи май райондук соту “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова менен “Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатовго каршы козголгон кылмыш ишин кайра тергөө үчүн Бишкек шаардык прокуратурага кайтарды. Ушул эле күнү “Де-факто” гезитине жарандык негизиндеги эки арызга ылайык Биринчи май райондук соту тарабынан 2 миллион сом айып салынгандыгы маалымдалды. Июнь айынын ортосунда Бишкек шаардык прокуратура “Де-факто” гезит атайылап жалган маалымат таратты деген негиз менен кылмыш ишин козгогон болчу.
Биз азыр ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыповду кепке тартмакчыбыз. Маегибиз Оштогу буюртма өлүмдөр, анын ичинде журналист Саиповго байланышкан кылмыш ишинин тергелиши туурасында болмокчу. Маекти Оштон кабарчыбыз Алишер Токсонбаев алып барат.
Маектешкен Бекташ Шамшиев “Де Факто” гезитине каршы ачылган кылмыш ишине байланыштуу Коомдук парламенттин мүчөсү Качкын Булатов 48 саатка камакка алынып, 4-июлда абактан чыгарылды. Эркиндикке чыккан соң укук коргоочу “Азаттык” үналгысына келип талаштуу иштин чоо-жайын баяндап берди.
Мындан эки күн мурда былтыр киши колдуу болгон эркин журналист Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов президент Курманбек Бакиевге кайрылып, баласынын тергөө иштеринин жүрбөй жаткандыгына --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/06/75794A13-6725-479E-A14A-7E43C3A77FBB.ASP нааразычылыгын билдирген эле. Маркумдун атасы менен Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаев маектешкен эле.
Дагы жүктөңүз