Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 17 ЖЫЛДЫГЫ


Бүгүн Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнүн он жети жылдыгын белгилөөдө, бирок Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында жыл сайын өткөрүлүүчү майрамдык салтанат быйыл болгон жок.

24-августтагы 65 адамдын өмүрүн кыйган авиакырсыкка байланыштуу Бишкектин борбордук аянтында театралдаштырылган оюн-зоок өткөрбөө чечимин өкмөт 28-августта кабыл алган.

Өлкөнүн башка бардык аймактарында Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын борборлорунда Кыргызстандын эгемендик күнүн майрамдоо уланууда.

“Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчыларынын билдирүүсү боюнча таң эртеден тарта облус губернаторлору жергиликтүү тургундарды бул майрамы менен куттукташты, айрым эмгек алдыңкыларына түрдүү сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары облусттук борборлордо театрлаштырылган оюн-зооктор болуп, ат майдандарында улуттук-оюндар өтүүдө.

1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында Кыргызстандын мамлекеттик көз карансыздык Декларациясы кабыл алынган.

Бул тарыхый документке ылайык, Кыргызстан көз карандысыз, суверендүү, демократиялык республика болуп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG