2011-жылдын 26-майына караган түнкү саттарда Грузиянын полициясы оппозициянын нааразылык жыйынын күч менен таркатып, анын айрым катышуучуларын камакка алды. ЭЕ/АҮ Грузин кызматынын сүрөт баяны. 26.5.2011.
23-майда Беларус Улуттук Банкы өз улуттук акчасынын расмий баасын төмөндөттү. Беларус рубли өз кунун 1 күндө 56 пайызга жоготту. ЭЕ/АҮ. 24.5.2011.
24-майда Астананын Улуттук коопсуздук комитетинин абагынын жанында машина жардырылып, экибастуздук 2 киши набыт болду. ЭЕ/АҮ Казак кызматы. 24.5.2011.
Дүйнө коомчулугу 21-майда чыгаан коомдук ишмер, укук коргоочу жана окумуштуу Андрей Сахаровдун 90 жылдык мааракесин белгилөөдө.
Дини да, тили да окшош Борбор Азия өлкөлөрүнүн биригишине эмне тоскоол болууда?
Германиянын Валдбрун аймагындагы Мүлбен шаарчасында 15-майда өткөн кымыз фестивалынан даректүү тасма баян. Өкүлай Бестаева, ЭЕ/АҮ Казак кызматы. 18.5.2011.
Сынчы, прозаик, коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө 18-майда Улуттук китепканада ачылып, “Тандалган чыгармаларынын” 3 томдугунун бет ачары болду.
Normal 0 false false false MicrosoftInternetExplorer4 /* Style Definitions */ table.MsoNormalTable {mso-style-name:"Table Normal"; mso-tstyle-rowband-size:0; mso-tstyle-colband-size:0; mso-style-noshow:yes; mso-style-parent:""; mso-padding-alt:0in 5.4pt 0in 5.4pt; mso-para-margin:0in; mso-para-margin-bottom:.0001pt; mso-pagination:widow-orphan; font-size:10.0pt; font-family:"Times New Roman"; mso-ansi-language:#0400; mso-fareast-language:#0400; mso-bidi-language:#0400;} Орусиянын Тверь облусуна караштуу Ржев шаарында билим алып жатышкан кыргызстандыктарды шаар бийликтери май айында 5 күнгө жатаканадан чыгарып салышкан эле. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Жаныбек Карымшаков жана Москвадагы кабарчыбыз Аида Касымалиева Ржевге барып, балдардын акыбалынан кабар алышты. 16.5.2011.
Италияда болжол менен 5-6 миңдин тегерегинде кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бул өлкөдө Кыргызстандын эч кандай расмий өкүлчүлүгү жок.
Германиянын батышындагы Баден-Вүрттемберг жергесинде Валдбрун ооданынын Мүлбен (Mülben) шаарчасында Ганс Цоллманн (Hans Zollmann) мырзанын ири дыйкан чарбасы бээ сүтүн жана кымыз сатуу менен алектенет. 15-майда бул чарбада жалпы Германиянын калайыгы үчүн кымыз фестивалы өттү. Ага кыргыз жана казак коноктор да катышышты. Т.Чоротегин. “Азаттык” үналгысы. 15.5.2911.
Мүнхенде герман соту Иван (Жон) Демянюкту Собибор концлагериндеги туткундарды кырууга көмөкчү болгон деп таап, 5 жылдык мөөнөткө абакка кести. Бирок 91 жаштагы айыпкер өз арызына жооп алгыча эркин койо берилди. 12.5.2011. Reuters.
Дагы жүктөңүз