Казакстандагы байтакты шаардын атынын өзгөрүшүнө байланыштуу соңку саясий окуяларга замандаштарыбыз ар кыл азилдерди жазууда. "Күлкү кербендин" кезектеги чыгарылышы.
* * * * ** **
- Мен бир уктап ойгондум эле, көнгөн президентим жок!.. Анан дагы бир тук эттим эле, “Астанам” жок!.. Эми эч уктабас болдум!..
* * * * ** **
- Казакстандын ордо шаары эми “Астана” деп аталбай калды.
- Кайрадан Акмоло шаары деп тарыхый атын беришиптирби?
- Жок. Мурдагы президентин атынан “Нурсултан” деп аташыптыр.
- Ка-ап!.. Биротоло кыскача, эркелетип “Нураке” дешсе болмок экен да-а... Тамгага да үнөм болмок...
* * * * ** **
Алматыда...
- Бүгүн Нурсултанда алай-дүлөй бороон болуп турат!.. – деп көгүлтүр экранда аба ырайы маалымдалууда.
- Эмне, аялына же кызы Даригага ачуусу келип жатабы? – деп күйөөсүнөн зайыбы сурайт имиш.
* * * * ** **
- Урматтуу Мажилис депутаттары! Менде жакшы сунуш бар: Астана – Нурсултан шаары болуп калды. Аны менен чектелбейлик. Мындан ары Алматы шаарын “Нурсулты” деп атасак, Шымкентти – “Нуркент” десек, атактуу Түркстан шаарын “Нурстан”, Актау шаарын – “Нуртау” деп атайлык. Бул сунушту мен айтканымды да тарыхка жаза салсаңар!..
- Агатай, жок дегенде бир калааны Токаевдин атына калтырып койсок жакшы болмок ко?..
* * * * ** **
- Коңшу Монголияда акча “тугрик” деп аталат экен.
- Аны билебиз гой. Эмнеге айтып калдың?
- “Нурик” деген болочокку акча бирдигине уйкаш болобу дейм да?
* * * * ** **
Актау шаарынан Астанага карай чыккан поюз жүргүнчүсүнө текшерүүчү опурулду:
- Кошумча төлөшуңүз керек, агатай!
- Эмнеге, чырагым?
- Сиз башка эски бир шаарга белет алыпсыз, биз бара турган темир жол бекети – Нурсултан шаарына таандык.
* * * * ** **
- Министр Даурен Абаевдин: “Астана Опера", "Астана-Арена", "Астана" телеканалдарынын аталыштары өзгөрбөйт. Ошондой эле өз аталыштарын Air Astana авиакомпаниясы, Astana Pro Team велокомандасы жана "Астана Арланс" спорттук командасы сактап калат. Биз дүйнөгө таанылган "Астана" брендин жокко чыгарбашыбыз керек”, – деген оюна кандай карайсыз?
- Кыйшык карайм. Атакемди таарынтып алышыбыз мүмкүн! - деди Дарига.
- Анда бул министрибизди кызматтан кетирсекпи? – деп өкмөт башчы чекесин кашыды.
* * * * ** **
(Ар кыл интернет булактарынан).