Футбол боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун күндөрүндөгү азил.
Урматтуу жазуучулар уюмунун төрагасы!
Ушул соңку он чакты күн биздин улуттук адабиятыбызга өзгөчө оор сокку урган учур болуп калды.
Менин баамымда, өлкөбүздөгү бардык акын, жазуучу, драматургдар гана эмес, адабият сынчылары дагы өздөрүнүн түздөн-түз чыгармачыл милдетинен, - керек болсо – улуу парызынан, - баш тартып, оң жакка баспастан, сол жакка ооп кетишти.
Алардын каймактары “кандайча мыкты чыгарма жазып, элдин назарын кантип өзүмө бурсам” деген асыл ойду унутуп, болгон каражатын сарптап, белет сатып алып, стадионго кетишти; калган-катканы болсо үйлөрүндө көгүлтүр экранга бүт кубаты менен кадалышты да, калышты. Алардын көйгөйү эле – “быйылкы футбол чемпиондугунда ким жеңет?” деген камгактай жеңил ой.
Тим эле планетада мындан башка көйгөйдүн баары чечилип калгансышат, тобо!
Эмне, басма үйлөрү өз тейлөөсүн арзандатып ийиштиби? Кагаздын наркы кескин ылдый түштүбү? Улам саны суюлган болжолдуу окурмандардын капчыгынын китеп сатып алууга делген “ууру бөлүгү” кампая түштүбү?
Мунун бири да жок го!
Ушундай оор кырдаалда, албетте, мен дагы акыбалыбызды жакшылап аңдаш үчүн буга чейин түшүмдө да көрбөгөн футбол жаатын иликтеп көрдүм.
Урматтуу төрага!
Көрсө, улан курагынан эчак эле өткөн, бирок жеткинчектерче оюндан кызыгы кала элек жигиттер футбол үчүн делген төрт чарчы чоң талаага чыгып алып, эки топко бөлүнүп, анан бир гана топту (кайталап айтам – бир гана тоголок топту) ары-бери кубалап ойношот экен.
Алардын экөө куулук кылып, “дарбаза” деп аталган үч устунга керилген чоң торду кайтарымыш этип эс алып тура берет экен. Каршылаштары булардын зериккен учурун пайдаланып, торго топ киргизсе эле, миңдеген кишилер “го-ол!” деп кыйкырып калышканын көрүп, чынында да таң калдым.
Орто жерде баарынан көп чуркаган бирөө бар болуп чыкты. Бул — ышкырыкчан киши экен. Бирок ал өзү оюндагы тоголок топко эч жолобойт тура, ошондуктан аны “калыс” деп коюшат экен.
Ал чөнтөгүнө кол салса эле, берки оюнчулардын жүрөгү түшүп турат экен. Кызыл кагаз алып чыкса, өзүн айыптуу сезгендер ыйлап жиберишет экен, сары кагаз чыгарса, баштарын жерге салып же каяша айтып туруп калышат экен.
Дагы байкаганым – оюнчулардын көпчүлүгү топту түз тебе алышпайт экен. Ошондуктан алар үчүн алиги “дарбаза” дегенди өтө чоң салып коюшат тура. Ошого да киргизе албай жатышпайбы! Эгерде дарбазанын ордуна топ араңдан зорго баткыдай, башкача айтканда, суурдун ийнинин көзүндөй эле тешик сунушталган болсо, анда мындай оюнчулар бир кылымда да упайга жетмек эмес окшойт.
Тентектерин көрсөңүз боор эзилет: калыска байкатпастан, бири-бирин омуроолоп, сүзүп, чалып, жыга коюп турганга тим эле маш экен!
Ал эми өзү эле кыска чөпкө чалынып жыгылгандар болсо өлүмүш болуп, бутун кучактап, ары-бери тоголонуп, каршылашын жазалатыш үчүн тим эле “артист” болуп кетишет.
Анан калса, оюн четинде акмалап карап турган “тренер” дегендер болот экен. Мындайча айтканда, он бир бүркүттү таптаган мүнүшкөрлөр.
Аларды эми кантип мүнөздөсөм? Мындайча айтканда, алар өнөрпоздор буйругун эч укпастан, концертте ар ким өз аспабын өз алдынча баш-аламан ойноп калган шарттагы дирижёрлордой эле болушат экен. Өз тарабынын дарбазасына гол кирсе, тим эле кучунашы кармап калышат. Өз оюнчулары каршылашына гол киргизсе, кудум эле энеси эркек төрөгөндөй ордунан секирип тура калышат экен. Ушул жагынан алганда, бирок, тренерлер дирижёрго окшошпой кетет десек болот ко. Анткени мырза чалыш дирижёрлор башка өнөрпоз топтун ийгилигине кубанып турат эмеспи.
Мага айткандарына караганда, чынында, тренерлер данакер болушат экен. Мисалы, өзүн эч суу кошпогон нагыз исламчы өлкө деген мамлекеттин курамасынын футбол тренери – каапыр экен. Ал эми мурда жалаң ак түстүүлөрдөн куралган топтордо мыкты оюнчусу – ынды кара жигит экенин көрүп, ушуларды ынтымакка чакырып тандаган тренерге ого төтөн ыраазы болчудайсың.
Тиги гол киргизип калгандардын мактанганын көрсөңүз, тим эле уяласыз. Жаш балдар быякта калат!.. Башка бирөөнүн жонуна секире калып, колдорун булгалап, чолок көйнөгүнүн этегин башына чүмкөп, айтор, бир кыйла кылыктанышат экен!..
Дагы бир байкаганым – бул оюн азыркы тапта деле өтө жөнөкөй, өтө примитив деңгээлде уюштурулган экен. Эгерде аны мындан да татаалдаштыруу керек болсо, анда, менимче, оюн талаасына балатыларды же тикендүү карагандарды тигип, айрым жерлерде чуңкур казып, бир кыйла татаал шарт жаратышса, ал түгүл кээ бир бурчтардан ыркыраган бөрүнү, айкырган арстан, жолборс, аюуларды (эскиче кылбастан, робот жаныбарларды!) байлап коюшса, ошондо гладиатордун байыркы өнөрү бул жакта эле калмак!..
Ал эми оюнда колдонулган тоголок топ бирөө эмес, бир эле учурда эки-үчөө болгондо, анда оюн динамикасы мындан да курч өнүкмөк.
Мындай оор шарттагы оюнду көргөн жазуучу, акын, драматургдар да өз жумуш үстөлүнө чоң таасирлер менен кайтышмак.
Баарынан таң калычтуусу – ушул болбогон оюнга эң арзан орунга белет сатып алуу үчүн коротулган акча каражаты менин баалуу китебимдин наркынан он эсе жогору экен!
Урматтуу төрага!
Эми менин футболду "жаңгактай чаккан" катымды дүйнөлүк чемпиондуктан көрүүчү катары кайтып келген соң берилип окуйсуз го деп үмүттөнөм.
Минтип жазган себебим – сиз да стадиондо эл арасында отуруп, өз курамаңыз утулганда ыйлап жаткан учуруңузду көгүлтүр экрандан аялым экөөбүз тең ойдо жок жерден көрүп калдык.
“Төрагаң деле жашык экен!” деп аялым эликтеп күлсө, мен кайра сүйүнүп кеттим: “Сезимталдыгы айгинеленген урматтуу төрагабыз менин жолдогон катымды астейдил окуп, кайдыгерликтин шайтан көпөлөгүн жанына жолотпос чыгаар”.