Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:47

Күлкү кербени

Sorry! No content for 15 Ноябрь. See content from before

жекшемби 4 Ноябрь 2018

Эдвард Эстлин Каммингс (Edward Estlin Cummings). 13.11.1953.
Эдвард Эстлин Каммингс (Edward Estlin Cummings). 13.11.1953.

Эркин ыр жазган америкалык акын, драматург, жазуучу, сүрөтчү Эдвард Эстлин Каммингстин ой мурасынан.

Америкалык оригиналдуу акын, драматург жана жазуучу Эдвард Эстлин Каммингс (Edward Estlin Cummings; 1894 – 1962) айрым чыгармаларын жарыялаганда, анын ысымы эч баш тамга коюлбастан жазылган. Ал англис тилдүү адабиятка ирээтсиз, эркин ыр жазып, баш тамгаларды коюудан качып, тыныш белгилерди текстте күтүлбөгөн жерлерге коюп же таптакыр койбой жазып, жаңы тажрыйба сунуштаган акындардан болгон.

* * * * * * *

(Э.Э.Каммингстин учкул сөздөрүнөн):

“Бардык күндөрдүн ичинен өзгөчө бошко кеткендери – бул күлкүсүз өткөндөрү”.

* * * * * * *

(Сүйүүгө арналган ырларынан):

мен жүрөгүңдү өзүм менен алып жүрөм (мен аны жүрөгүмө салып жүрөм) мен эч качан ансыз жүрбөйм (каякка барсам сен дагы ошоякка барасың, менин берекем, өзүм гана жүзөгө ашырган нерселердин бардыгы сенин жасаганың, менин берекем)

* * * * * * *

(Э.Э.Каммингс драманын, пьесанын өзгөчө оригиналдуу жана эски ыкмаларга сыйбаган жаңы түрү тууралуу минтип жазган):

АНЫ ТҮШҮНҮҮГӨ ДАЛААЛАТ КЫЛБА, АГА ӨЗҮҢДҮ АҢДООСУНА МҮМКҮНДҮК ЖАРАТ

* * * * * * *

Француз илимпозу Андре Мари Ампер (André-Marie Ampère; 1775–1836).
Француз илимпозу Андре Мари Ампер (André-Marie Ampère; 1775–1836).

Атактуу француз физиги жана математиги Андре Мари Ампер (André-Marie Ampère; 1775–1836) жөнүндө тамашалуу аңыз кептер айтылып келет.

* * *

Өз үйүнө өзүн киргизбеген апенди

Бир жолу Андре Мари Ампер өз үйүнүн каалгасына «Мырзалар! Кожоюн жок эле, эми кечинде келсеңиздер!» деген сөздү жакшылап бор менен жазып койот.

Унутчаактыгы, башка ойлорго алагды болгондугу менен айырмаланган апенди чалыш окумуштуу бат эле өз үйүнө кайтып келет да, каалгадагы өзү жазып кеткен текстти окуп: «А-а, быяктын кожоюну кечкурун келет тура!» деген бойдон жолго түшүптүр.

Ошентип ал өзүнүн үйүнө кайра кечкурун гана келип кирген экен.

* * * * * * *

Жылып кетме такта

Бир жолу Ампер шаардагы паркта сейилдеп жүрүп, кайсы бир татаал математикалык маселени чечүү менен алпурушат. Анан эле кайдан-жайдан келгени белгисиз, анын алдында бир кара такта пайда болот.

Башка эч нерсеге маани бербестен, Ампер дароо чөнтөгүнөн ак борду алып чыгат да, алиги кара тактага өз эсептөө вариантын жазып кирет.

Кызык, бир саамдан соң алиги кара такта илимпоздон ыраактай баштайт. Ампер ого бетер өз эсебинин кызыгына батып, алиги кача баштаган кара тактага ого бетер ыктап, шыпылдатып эсеп жазуусун улантат.

Бир убакта кара такта өз кыймылын ого бетер тездетет; Ампер да анын артынан кубалап барып жаза берет. Акыры өзүнөн качкан кара санатай тактага эч жете албай калганда гана Ампер кырдаалды аңдайт: көрсө, ал атка чегилген каретанын арткы бетин жазуу тактасы катары колдонгон экен!..

XIX кылымдын башында Европадагы шаардык унаалар – жалаң ат арабалар болгон эмеспи!

* * *

Айлакердик деген моралды тоготпойт

Илимпоз Ампер меймандостугу менен да айырмаланган. Бирок анын бир көнүмүш адаты бар эле: ал өз үйүнө келген коноктордун дээрлик бардыгынын алдына шахмат тактасын жайып, акыл эрөөлүнө чакыраар эле.

Кээ бир айлакер коноктор өздөрү утула баштаганда жаңы айла табышкан экен.

Мындай конок «мына-мына, эми утулам!» деп санааркап калган чагында Амперге илимге эч тийешеси болбогон сандырак ойду айта салчу экен (маселен, «көрсө, хлор деген аралашманы алуу үчүн туз даамдуу кислотаны кычкылдантуу керек турбайбы!» же «магниттин табигый касиети эч качан электр агымына көз каранды эмес экен го!» деп жана ушул сыяктуу маңызсыз жоромолдорду сүйлөп коюшчу экен!)

Мындай айдан-ачык «тантыган кепти» угуп өзгөчө капа болгон Ампер илимий жооп берүүгө камынып бир саамга алагды болуп, анын айынан мурдунун учундагы жеңиштүү жүрүштөн куржалак калчу тура!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG