Орто кылымдарда Кичи Азиядан Борбордук Азияга чейин Кожо Насирдин (аны Молдо Насирдин, Апенди деп да аташат) деген куудулга шилтеме кылынып айтылган анекдоттор миңдеп таркаган. “Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышында алардын айрымдарын сунуштайбыз.
* * * * * * *
Бухара эмирин мыш кылды
Кожо Насирдин бир жолу Бухаранын эмири менен чогуу дасторкондо сый көрүп отурат.
Бир маалда баклажандан жасалган тамак алып келишет. Эмир аны “даамдуу экен” деп акырын гана айтаар замат Кожо Насирдин:
- О, ушундай сонун экен! Алла-таалам жараткан жашылча-мөмөлөрдүн мыктысы экен! – деп үнүн катуу чыгарып мактайт
Муну уккан ашпоз кымылдап, эртеси дагы бир жолу баклажандан тамак жасап алып келсе, эмир унчукпай коюптур. Кайран Кожо Насирдин да үн катпайт.
Үчүнчү күнү ашпоз баклажандан тамак алып келет, бирок эмир табакты четке жылдырып, ачууланат. Аны көрө сала Кожо Насирдин:
- Чынында да, баклажан Алла-таалам жараткан жашылчалардын ичинен эң начары! – деп үн салат.
- Кудай сени урду го, мурдагы күнү эле муну мактабадың беле? – деп сурайт эмир.
- Таксыр эмирим, мен Сизге кызмат кылам, бул эч нерсеге татыбаган баклажанга кантип кызмат кылмак элем!
* * * * * * *
Табытка түшүп кала көрбө!
Бир маркумдун жаназасынан соң калайык көрүстөнгө карай жол тарткан чак.
Эрмек кылып бири Кожо Насирдинден сураптыр:
- Кожоке, табытты көтөргөндө анын алдында жүргөн жакшыбы, же аркасыдабы? Балким, жан жагында жүрүү туура болоор?
- Э, бурадарым! Алардын эч айырмасы жок. Эң башкысы, ичине түшүп калбагыдай бол!
* * * * * * *
Дервиштин оозу жап болуптур
Сопулук тарыкаттардын бирин тутуп, терең билимге ээ болуп, думана катары улам жаңы аймакты кыдырып келе жаткан бир дервиш Кожо Насирдинди көрө сала:
- Темселеп жүрө бербей, бир кадыресе кишиге айланаар учуруң качан башталат, чырагым? – деп жекирет.
Кожо Насирдин дервиштен ызаат кыла сурайт:
- Урматтуум, менин көзүмдү ачып, бир укмуш окуяңдан айтсаңыз боло?
- Менин шыгым, өнөрүм көп. Кайсы бирин айтайын! Көп учурда мен түнкүсүн “заттардын дүйнөсү” деген ушул жалган дүйнөдөн оолактап, асмандын алгачкы катмарына чейин чыгып кетем, анан космос мейкиндигин, Көктүн ажайып чар тарабын суктана карап туруп, жерге кайтып келем.
- Урматтуу дервишим, ошол ыракаттанып турганыңызда сизди кандайдыр бир сыдырым жел менен желпилдетип тургандай учурду сездиңиз бекен?
Оюнда “муну ишендирип салдым” деп кымылдаган дервиш дароо жооп узатат:
- Албетте, жагымдуу жел айдап, желпилдетип турушту.
- Анда эмесе ошол Сизди желпилдетип жыргатып аткан – менин шалпаң кулак эшегимдин куйругу болчу да!
* * * * * * *
(Ар кыл интернет барактарынан иргелип которулду).