Жогорку Раданын резолюциясы менен Харьковдогу абактан чыккан Юлия Тимошенко Киевге келип, Грушевск көчөсүндө нааразылардын каны төгүлгөн жайга барып, маркумдарды эскерди. Төбөлсүздүк майданына келип, нааразыларга кайрылды. Ал “Украинанын баатырларын эл эч качан унутпасын” айтып, антиөкмөтчүл демонстранттарды күрөштү токтотпоого үндөдү. Юлия Тимошенко украин саясатын 2004-жылдагы Саргылтым революциядан бери аныктап келет. Сүрөттө анын жашоосунун урунттуу учурлары камтылган.
Иранда Ислам революциясынын 35 жылдыгын майрамдашты. 1979-жылы АКШ колдогон шах кулатылган. Жаңы президент келгенден бери Ирандын атомдук программасына байланышкан талашта оң жылыштар байкала баштады.
Украин оппозициясы жекшембиде аза күтүү күнүн жарыялап, полиция менен болгон буга чейинки кагылыштарда курман болгон эки активистти эскеришти.
"Азаттык" Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү орчун окуялардын видео топтомун сунуштайт. 16-декабрь, 2013.
Украинада бийликке каршы нааразылыкка чыккандар Киевдин борборунда турган Лениндин эстелигин кулатышты. Жекшембиде өкмөттүн кетишин талап кылган митинг өтүп, он миңдеген демонстранттар өкмөт үйү жайгашкан көчөнү курчоого алды. "Азаттыктын" украин кызматы, 08.12.2013
Thousands of protesters demonstrated outside the Ukrainian parliament building in Kyiv as opposition lawmakers sought the government's resignation in response to President Viktor Yanukovych's refusal to sign an agreement on closer ties with the European Union.
Бажы Биримдиги тууралуу соңку азилдерден.
7-ноябрда Октябрь революциясына 96 жыл толду. “Октябрь революциясы” деген ат менен белгилүү социалисттик революция күнү постсоветтик өлкөлөрдөн Кыргызстан менен Беларуста гана расмий майрам катары бекитилген.
Орусияда 1993-жылдын 3-4-октябрындагы трагедиялуу окуялардан бери 20 жыл өтсө да ошол кырдаалга бирдиктүү баа берилбей келет.
Египеттин “Мусулман агайындар” уюму өз тарапкерлерин бүгүн көчөгө жабыла чыгып, “Каарлануу күнүн” өткөрүүгө чакырды.
Египетте эмне болду? Аскерий кутум, мамлекеттик төңкөрүш же ыңкылаптын экинчи толкунубу?
Египеттин Конституциялык сотунун төрагасы Адли Мансур өлкөнүн утурумдук президенти катары ант берди. Кечээ Египетте аскерий жетекчилик өлкө Конституциясын токтотуп, чукул шайлоо жарыялаган. Reuters video
Дагы жүктөңүз