Орусия Украинада аскердик операциясын баштады. Украин президенти муну кол салуу, согуш катары баалады. Айрым маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза таап, жарадар болгондор бар. Ал арада Кыргызстандын парламентинде Украинадагы кыргыз жарандарына жардам берүү маселеси көтөрүлдү.
Мугалимдердин айлыгын жана пенсиясын көбөйтүү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. 30-40 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер айына 8-9 миң сом алышууда.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев эл арасында өкмөт алмашары тууралуу кеп-сөздөр жүрүп жатканын айтып, “Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөткө иштээрин” билдирди.
Кыргызстанда сот реформасы боюнча маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Буга Жогорку Сот жана Конституциялык палатынын төрагаларынын алмашып, соттун көз карандысыздыгы тууралуу убадалары себеп болду.
Транзиттик каттамдар менен “Манас” эл аралык аэропортуна түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаалар даярдалып, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып баруу жана андан ары өткөрүү уюштурулуп жатат.
Казакстанда саясий кризис уланууда. Бул өлкөнүн жетекчилиги кырдаалды жөнгө салуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан көмөк сурады.
Бүгүн- 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, өз ишин баштады.
Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота боюнча жобону өзгөрттү. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алмай болду.
"Клооп Медианын" маалыматы боюнча, текшерилип, анализделген протоколдордун көбү кайра оңдолуп, жазылган. Бул болсо шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши ыктымал дейт “Клооптун” шайлоого мониторинг жүргүзүү кампаниясынын координатору Айзирек Алмазбекова.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу талаштар уланууда. Оппозициячыл бир нече партия шайлоо жыйынтыгы бурмаланган айтып, аны жокко чыгарууну талап кылууда.
Былтыр октябрдагы саясий баш аламандыкта каза болгон Үмүтбек быйыл жыйырма жашка толмок.
Октябрь окуяларына толук бир жыл толду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы 10-ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты.
Дагы жүктөңүз