Кыргызстанда “Тарых жана маданият жылынын” алкагында кыргыз маданиятынын ар кыл көйгөйлөрү ачык талкууга алынууда. "Азыркы кыргыз алфавиттери реформаланышы керкепи?" деген суроо да байма-бай козголууда.
Мындан 60 жыл илгери, тогуздун айынын 23үндө, Мажарстанда (Венгрияда) коммунисттик тоталитардык режимге каршы элдик көтөрүлүш башталган.
«Ала-Арча» ордо конушундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыкты жарыялашынын 25 жылдык мааракесине арналган “Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйындан сүрөт баян. 26.8.2016.
Бүгүн СССРде акыркы саясий кризис ГКЧП төңкөрүшүнүн башталганына 25 жыл толду. Үч күнгө созулган капсалаңдуу окуялар Советтер союзунун курамындагы Кыргызстанды да сындан өткөрүп, республиканын жетекчилери өзүнүн көз карашын батыл билдирген.
Өткөн жума аягында 2010-жылдын апрель окуясы боюнча Республикалык Аскер сотунун өкүмү чыкты. Башкы күнөөкөр делген мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары сыртынан узак мөөнөткө кесилишти.
Тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин учурда “Себат” системасына таандык окуу жайлар Кыргызстандагы таалим-тарбия көйгөйлөрүн чечүүдө олуттуу салым кошуп жатканын белгилейт.
2010-жылы 7-апрель окуясынын күбөлөрү “Азаттыкка” алты жыл мурдагы окуяларды айтып беришти. Кандуу окуянын катышуучулары кайрадан калкты калайманга түшүргөн андай окуя кайталанашын каалашпайт.
Жалал-Абаддагы митингде президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабы айтылды.
Аймактык кабарчыбыздын маалыматында митингге 50дөн ашык киши келди. Чогулгандардын алдына шаардын мурдагы мэри Максат Жээнбеков, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асанов чыгып сүйлөдү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан” партиясынын эки депутатын фракция чечиминин жана фракция башчысынын сунушунун негизинде мандаттан ажыратууга барышы мыйзам бузуу менен катар парламенттик башкаруунун кадырын кетирген көрүнүш болду.
Кыргызстандагы Жогорку аттестация комиссиясы диссертацияны жактоону заманбап деңгээлге чыгарууга багытталган жаңы эрежелерди иштеп чыгып, өкмөт башчы аны бекитти. Бирок эрежелерден улам эгемен өлкөнүн илимпоздорунда айрым суроолор жаралды.
Пост-советтик Кыргызстан – көз каранды эмес мамлекет. Анын эгемендикке жетиши жагдайлардын көктөн түшкөн ыңгайлуу удулунун натыйжасы эмес, кылымдар карыткан карт тарыхы бар кыргыз элинин көз каранды эмес мамлекет куруу үчүн жүргүзгөн ырааттуу күрөшүнүн жемиши болду.
Дагы жүктөңүз