Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында кесип тандоого арналган дилбаяндарга сынак жарыялайбыз.
10 жаштагы Кайраттын кебетеси эле орус болбосо, жүргөн-турганы кадимки кыргыз. Кыргызча түш жоруйт. Ал күн сайын машыгууга барат. Машыктыруучусу Валерий Грешковец бокс ыкмаларын үйрөтсө, Кайрат ага кыргызча сөздөрдү үйрөтөт. Экөөнүн бир гана бокс эмес, кыргыз тили бириктирип турат. (Мирлан Орозбаев)
Тунгуч театры улуттар ортосундагы ынтымакты, достукту даңазалаган "Сулайман Тоодогу сүйүү жазы" аттуу спектакль койду. Анда ар улуттун жаштары образ жаратты.
Токиодон тоолуу Кыргызстанга келип, аз убакыт ичинде кыргыз ырларын мыкты деңгээлде аткарганга жетишкен жапон кызы Эри Сузики. (Айнура Турсунова)
(Сынакка) Интернационал үй-бүлө
Мария Малиневская украин кызы. Анын жолдошу Расул ата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. Мария эне менен кан күйгөн согуш жылдары таанышкан экен. (Айжан Кубатбек кызы)
(Сынакка) Ар улуту аралаш окуган мектеп
Лейлек районунун Кайрагач айылынын тургуну, 80 жаштагы Топанса Вахидова 13 баланы төрөп өстүргөн. Улуу Ата Мекендик согушта болгону сегиз жаштагы кыз азыр айылдын кадырлуу адамы.
Нарындык Таня эже
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында Аширбек аванын үй бүлөсүндө беш улуттун өкүлдөрү бар.
Дагы жүктөңүз
No media source currently available