Иранда согуш башталганы Борбор Азиянын экономикасына сокку урулууда. Аймактагы өлкөлөр арасынан Түркмөнстан Ирандан импорттолгон товарлардан, өзгөчө азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдардан көз каранды болгондуктан анын абалы айрыкча оорлоодо.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын аскер күчтөрүнүн, полициясынын жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) мүчөлөрүн багынып берүүгө чакырды.
Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы соккуларын улантып жаткан маалда, жаңжал Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүнө да жайылып жатат. Иран жооп иретинде коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Азербайжанга сокку урду. Ал эми Израил Ливандын түштүгүндө «буфердик аймак» түзүүгө аракет кылууда.
АКШ–Израил соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи каза болду. Анын өлүмүнө байланыштуу Иранда жана коңшу өлкөлөрдө расмий аза күтүү жана нааразылык акциялары өтүп жаткан маалда, анын бул дүйнөдөн өткөнү тууралуу кабарды кубаттап, коштогондор да көп болду.
Өлкөнү дээрлик кырк жыл бою башкарган жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи 28-февралда 86 жашында АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларынан каза тапты.
Иран АКШ менен Израилдин соңку чабуулдарына жооп иретинде АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине ондогон ракеталарды учурду. Катар ракеталык коркунучтан улам аба мейкиндигин убактылуу жапты жана зарыл болсо жооп чара көрүүгө даяр экенин билдирди.
Israel carried out what it described as a preemptive strike against Iran on February 28, sharply escalating tensions in the Middle East and dimming hopes for a diplomatic resolution between Tehran and Washington over Iran’s nuclear program.
Пакистан Ооганстандын шаарларына сокку урду. Исламабад кошуна өлкөнүн талибдер бийлиги менен "ачык согушка" өткөнүн жарыялады. Эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал бир нече айдан бери чыңалып, улам бир тилкесинде кармаш жүрүп жаткан. БУУ соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирип, сүйлөшүүгө чакырды.
Исламабад Ооганстандагы талибдер бийлиги менен "ачык согушка" өткөнүн жарыялады. Эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал бир нече айдан бери чыңалып, кармаштар жүрүп келген. 26-февралда "Талибан" өкмөтү Пакистандын чабуулуна жооп кайтарып, чек аранын айрым райондорунда операция баштаганын маалымдаган.
Дагы жүктөңүз