Бир нече аптага созулган чыңалуу жана америкалык күчтөрдүн Перс булуңуна топтолушу акыр аягында Израил менен АКШнын Ирандагы буталарга - аскердик жайларга жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин резиденцияларына биргелешип сокку урууга алып келди.
28-февралда Ирандын ири шаарларына чабуул коюлуп, аларды калың түтүн чулгап жаткан маалда "Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп администрациясы кандай максатты көздөп жатат?" деген суроо пайда болууда.
АКШ президенти бир туруп “жакшы келишим” түзүү чакырыктарын таштап, Тегеран режимин алмаштырууну кыйыткан билдирүүлөргө басым жасап келсе, анын 28-февралдагы кайрылуусу менен соккулардын мүнөзү саясатындагы радикалдуу өзгөрүүнү каңкуулады.
“Максималдуу кысым көрсөтүү” канааттанбай, эми АКШ Иранды регионалдык держава катары нейтралдаштырууну көздөгөндөй.
Бир нече айдан бери Трамп Тегерандын өзөктүк программасын көбүрөөк чектеген жаңы келишимге жетишүүнү максат кылганын айтып жүрдү. Бирок коргонуу жаатындагы израилдик көз карандысыз эксперт Майкл Горовиц дипломатиялык аракеттер туңгуюкка кептелди деп эсептейт.
“Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрү Трамп каалагандай нукта жүргөн жок көрүнөт. Ортодогу мындай чоң айырмачылыкты эске алганда сүйлөшүүлөр жолу менен мунаса табуу мүмкүн эмес”, - деп айтты эксперт “Азаттык” радиосуна.
Анын айтымында, ирандык аткаминерлер Трамп 2018-жылы чыгып кеткен келишимден мыкты макулдашуу түзүлдү деп айтуусу үчүн чегинүүнү каалаган жок. Дипломатиялык мүмкүнчүлүктөр түгөнгөндө Вашингтон өзгөртүүнү күч менен ишке ашырууга өттү.
Ирандын эли козголобу?
АКШ-Израил стратегиясынын маанилүү бөлүгү ички көтөрүлүшкө үмүт артуу көрүнөт.
28-февралдагы билдирүүсүндө Трамп Ирандын коомчулугуна түздөн-түз кайрылды. Ал Иран элинин “эркиндиги жакындаганын” айтып, өлкөнүн жарандарын операциянын аскердик бөлүгү аяктагандан кийин өкмөттү “өз колуна алууга” чакырды.
Былтыр июнда Израил менен 12 күндүк согуш маалында диниятчылар бийлигин төңкөрүү чакырыктарына анча көңүл бурулган эмес. Ирандыктар аман калуунун аргасында башпаанек издөө менен көбүрөөк алектенген. Бул ирет өнөктөштөр Ислам жумуриятындагы психологиялык абалдын өзгөргөнүн эске алгандай.
“Режимдин алсыраганын көргөн эл көчөлөргө агылып, жетекчиликке каршы олуттуу аракеттерге барат дегенге ишеним артылгандай", - деп эсептейт Тегерандын атомдук куралга ээ болуусун алдын алуу багытында иш алып барган америкалык уюмдун директору Жэйсон Бродски.
Ал эми эксперт Горовиц демонстранттардын активдүүлүгүн чечүүчү фактор деп баалоодон алыс. Анын пикиринде, америкалык жана израилдик расмий адамдар нааразылык акцияларынын кайрадан тутанышын жокко чыгарбайт, бирок алар күткөн мөөнөткө дал келбеши ыктымал.
“Толкундоолор жаңжал аяктагандан кийин болот деген сценарий реалдуураак. Бирок режим да, чамасы жетсе, ага даяр турат”, - деп айтат Горовиц.
Роль бөлүшүү
Ирандын аскердик потенциалын жана жетекчилигин бутага алган соккулардын тактикасы эки өнөктөш ролду координациялап бөлүшүп алганын көрсөтөт.
Бродскинин айткандарына караганда, Кошмо Штаттар жооп иретиндеги чабуулдардын кесепеттерин азайтуу үчүн “Ислам жумуриятынын ракета потенциалын алсыратууга”, ал эми Израил “ирандык лидерлерди жок кылууга” басым жасады.
Баштапкы баскычтын интенсивдүүлүгүнө карабай, бир жолку аба сокку кампаниясы 47 жылдан бери өмүр сүрүп келаткан диниятчылар бийлигин ойроң кыла алабы деген маанилүү суроо кала берүүдө. Горовиц кеп режим алмаштыруу тууралуу жүргөндө абадан сокку уруу практикасы жемиш алып келген мисалдар аз деген ой менен бөлүшөт.
Ошол эле маалда ал бул жаңжалды өзгөртүшү мүмкүн болгон фактор катары Трамптын эскалацияга ыктаганын атайт.
“Ислам жумуриятынын чабалдыгын эске алуу менен президент Трамп айрым жоготууларга учураса да, узакка созулган кампанияга даяр деген ыктымалдыкты жокко чыгарбайм”, - деп айтты эксперт.
Акыр аягында бул кампания эмне менен аяктары Ирандын канчалык тез алсырашына көз каранды болмокчу. Ракеталар менен аткылап жооп кайтаруу жана глобалдык экономикага зыян келтирүү дарамети башында эле жоюлса, Вашингтон өзүн ишенимдүү сезип калат жана Ислам жумурияты түпкүлүктүү идеологиясынан баш тартмайынча же ички толкундоолордон улам кулабаса, чабуулун улантышы мүмкүн.
Макаланын толук оригиналын ушул жерден тапса болот.
Шерине