Орус армиясынын аба соккулары 6-апрелге караган түнү эне-баланын өмүрүн алды. Жараат алгандардын арасында кош бойлуу келин, жети айлык ымыркай да бар. Жалпысынан үч адам набыт болуп, 15 киши жараат алды. Ошол эле учурда Орусиянын бир катар шаарлары дрон чабуулуна дуушар болду.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран Ормуз кысыгын дароо ачса, Тегеранга карата аткылоону эки жумага токтотууга макул болгонун билдирди. Иран өз кезегинде ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирип, бир катар шарттарды койду.
Ирандагы согуш АКШнын аскердик кубатын көргөзүп, ошол эле маалда Вашингтондун бир учурда түрдүү кризистерди жөнгө салуу кудуретине байланыштуу суроо жаратты. Бул Бээжинге АКШ менен тиреш чыгып кетсе же Тайванга тиешелүү сценарийлерди караштырганда тобокелдиктерди таразалоого мүмкүнчүлүк түзөт.
АКШнын расмий өкүлү "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, Ирандын аймагында атып түшүрүлгөн аскердик учактын экипаж мүчөлөрүнүн бири куткарылды. Экинчи учкучту издөө иштери уланууда. Иранда согуш башталгандан бери биринчи жолу америкалык учак атып түшүрүлдү.
Иранда аба чабуулдан Жакынкы Чыгыштагы эң бийик делген көпүрө талкаланды. Анын алдында эле АКШ президенти Дональд Трамп расмий Тегеран эртерек келишим түзбөсө, дагы көп нерсе жок кылынарын эскерткен. Иран 3-апрелде Кувейт, Бахрейн, Сауд Арабиясы менен Израилге абадан соккуларын улантты.
1-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Ирандагы "ишин аяктоого" аз калганын билдирип, ошол эле учурда америкалык аскерлер өлкөнү алдыңкы "эки-үч жумада катуу соккуга алууну" улантарын эскертти.
АКШ Иранга каршы аскердик соккуну эки-үч жуманын ичинде токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу президент Трамп билдирди. Ал кошумчалагандай, бул үчүн Тегеран менен келишим түзүшү шарт эмес. Ал эми Ирандын президенти Пезешкиян да айрым кепилдиктер берилсе, согушту токтотууга даяр экенин кыйытты.
Израилдин парламенти теракт үчүн соттолгон палестиналыктарды өлүм жазасына тартуу каралган мыйзамды кабыл алды. Ашынган улутчулдар партиясы мыйзам террордук кол салуунун алдын алууну көздөйт деп айтса, укук коргоочулар дискриминациялык, демократиялык принциптерге көлөкө түшүргөн кадам деп сындады.
Израилдин парламенти (Кнессет) теракттар үчүн соттолгон палестиналыктарды өлүм жазасына тартуу каралган мыйзамды кабыл алды. Ашынган улутчулдар партиясы мыйзам террордук кол салууларды алдын алууну көздөйт деп айтса, укук коргоочулар муну дискриминациялык кадам деп сындашууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын мунайын көзөмөлгө алууну каалаганын айтып, Харк аралын басып алуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Ошол эле маалда Тегеран менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын, тынчтык келишими жакын арада даяр болот деп ишенерин билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын мунайын көзөмөлгө алууну каалаганын айтып, Харк аралын басып алуу ыктымалдыгын кыйытты. Ошол эле маалда Тегеран менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын, тынчтык келишими жакын арада даяр болот деп ишенерин билдирди.
Йемендеги Иранды колдогон хуси козголоңчулары акыркы 24 сааттын ичинде Израилге каршы экинчи ракета учурду. Тегеран "кас эмес" өлкөлөрдүн кемелерине Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө уруксат берди.
Дагы жүктөңүз