Украинанын армиясы бир нече күндөн бери Орусиянын Ленинград облусундагы портторго жана мунай иштетүүчү заводдорго сокку уруп жатат. Аналитиктердин эсебинде согуш башталгандан бери Орусиянын мунай экспорту үчүн «эң олуттуу коркунучту» жаралды.
Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматтар бүдөмүк болууда. Президент Трамп жолугушуулар жүргөнүн, Ирандын өкүлдөрү коркконунан аны ачыкка чыгарбай жатышканын айтты. Анын алдында Ислам жумурияты Ак үйдүн сунуштарын алганын, бирок муну сүйлөшүү деп атоого болбой турганын билдирген.
Бул аптада АКШ президенти Трамптын администрациясы жашыруун түрдө Иран парламентинин консервативдүү спикери Мохаммад Бакер Галибафты сүйлөшүүлөрдөгү ыктымал өнөктөш, а балким өлкөнүн болочок лидери катары караштырып жатканы жөнүндө маалыматтар тарап кетти.
Украинанын куралдуу күчтөрү 25-марттын таңында орус аскерлери 150 чакты дрон атканын, басымдуусу атып түшүрүлгөнүн билдирди. 24-мартта Львов жапырт чабуулга кабылганда 27 киши жаракат алып, шаардагы тарыхый жай бүлүндү. Ал эми Орусия аскердик инфраструктураны гана бутага алганын билдирип келет.
23-мартта АКШ менен Ирандын ортосундагы ыктымал сүйлөшүүлөр тууралуу карама-каршы кабарлар түшкөнү мунай менен газдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бир туруп кескин төмөндөп, бир туруп кайра кымбаттап жатты.
23-мартта АКШ менен Иран ортосундагы ыктымал сүйлөшүүлөр тууралуу карама-каршы кабарлар түшкөнү мунай менен газдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бир туруп кескин төмөндөп, бир туруп кайра кымбаттап жатты. АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирген.
Трамп Вашингтон менен Тегеран соңку эки күн ичинде Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттерди жөнгө салуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди. Ага чейин Трамп Ирандан Ормуз кысыгын 48 сааттын ичинде ачууну талап кылган. Тегеран жооп катары Перс булуңун бүт миналап салууну эскерткен.
АКШ менен Израилдин соккулары башталгандан бери Иранда миллиондогон киши жер которгону кошуна өлкөлөрдө качкындардын ыктымал агымы гуманитардык кризиске алып келет деген чочулоого жем таштады.
Мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бейшембиде кайрадан өстү. Анын алдында Иран маанилүү газ кенине урулган соккуга жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык жайларды бутага алганда Катардагы ири газ комплекси жабыркаган.
Орусияда акыркы күндөрдө интернет байланыш катуу чектелип жатат. Өзгөчө борбор калаа Москва жана башка ири шаарлардын тургундары Telegram мессенжерин, банк карталарын, такси, тамакка буюртма берүү өңдүү популярдуу тейлөө тиркемелерин пайдалана албай калды.
Орусияда акыркы күндөрдө интернет байланыш катуу чектелип жатат. Өзгөчө Москва жана башка ири шаарлардын тургундары Telegram мессенжерин, банк карталарын, такси, тамакка буюртма берүү өңдүү эң зарыл тейлөө тиркемелерин пайдалана албай калды.
Дагы жүктөңүз