АКШ менен Ирандын ортосундагы алты айдан бери уланып келаткан согуш кайрадан курчуду. Вашингтон Ирандын беш мунай танкерин жок кылганын билдирди. Тегеран буга жооп катары Иорданиядагы америкалык базага жана Ормуз кысыгындагы АКШнын он кемесине чабуул койгонун жарыялады.
АКШ менен Ирандын ортосунда кырдаал кайрадан курчуду. Вашингтон Ирандын беш мунай танкерин бутага алганын билдирди. Тегеран буга жооп катары Иорданиядагы америкалык базага ракета менен сокку уруп, Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган он кемеге чабуул койгонун жарыялады.
АКШнын президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Киевде Владимир Зеленский менен сүйлөшүү өткөрдү. Ага чейин америкалык делегация Москвада Владимир Путин менен үч сааттан ашык жолуккан. Бирок согушту токтотуу боюнча негизги талаштар, анын ичинде Донбасстын тагдыры чечиле элек.
Прокурорлор Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев баш болгон сегиз адамга тогуз жылдан абак жазасын сурашты. Трамптын администрациясынын чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Москвада Путин, Киевде Зеленский менен жолугушту.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерин кайра жандандырды. Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Москвага жана Киевге барып, сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына негиз түзүүгө аракет кылышты.
Орусиянын аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн кооптуу болуп калганы тууралуу украин бийлигинин билдирүүсүнөн кийин чет өлкөлүк жана орусиялык компаниялар Москвага жана Москвадан уча турган ондогон каттамын токтотту.
Украинанын президенти Владимир Зеленский эл аралык авиакомпанияларга Орусиянын аба мейкиндиги украин дрондорунун соккуларынан улам «толугу менен кооптуу» болуп баратканын эскертти. Орусиянын аба мейкиндигиндеги коопсуздук маселеси Кыргызстан үчүн да маанилүү.
Орусиянын президенти Владимир Путин ШКУнун саммитинен кийин Бишкектеги жыйында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүсүнө жооп берди. Зеленский Орусиянын асманында украин дрондору көбөйөрүн айтып, өзгөчө Москва жана Санкт-Петербургга учкан авиакомпанияларды сак болууга чакырды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын Европа Биримдигине кошулуу багытындагы кадамдарына байланыштуу Еревандын чечимин тезирээк тактоого чакырды.
Бишкектеги саммиттин дагы бир маанилүү темасы - Иран. Президент Масуд Пезешкиан анын өлкөсү АКШ жана Израил менен согушуп жаткан учурда Бишкекке келди. Бишкек декларациясында Ирандагы согушту дипломатиялык жол менен чечүү камтылды.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин соңунда Бишкек декларациясы кабыл алынып, коопсуздук, экономика, транспорт жана климаттан тартып ондогон багыттарды камтыган 28 документке кол коюлду. Ал эми дүйнөлүк медиа Си, Путин, Моди жана Пезешкиан сыяктуу лидерлердин саммиттеги сөздөрүнө көңүл бурду.
Дагы жүктөңүз