Спутниктен тартылган бул сүрөттөр Wildberries кампаларынын чабуулга чейин, андан кийинки абалын көрсөтөт. "Орусиянын Амазону" деп аталган эң ири маркетплейстин кеминде 20 кампасы июлдун ортосунан тартып украиналык дрондордун бутасын алынды.
Тысячи мигранток из Туркменистана работают сиделками, нянями и домработницами в Турции — многие трудятся нелегально и годами не видят свои семьи. Они уязвимы и на родине: в их отсутствие мужья заводят порой «вторых жён», оставляя первых без крыши над головой и заработанных ими же средств.
Кытай, Орусия, Иран жана Түндүк Корея өлкөлөрүнүн стратегиялык кызматташтыгынын өөрчүшү АКШ жана анын өнөктөштөрү туш болгон маанилүү коопсуздук маселесине айланды. Мындай ою менен отставкадагы америкалык контр-адмирал Марк Монтгомери бөлүштү.
1990-жылдары Ооганстандын тоо коюнундагы Бадахшан провинциясы талибдердин башкаруусуна каршы турган күчтөрдүн таянычы болчу. Учурда да табигый ресурстарга бай аймак исламчыл согушкер тобунун чекесине чыккан чыйканга айланды. "Талибан" беш жыл мурун өлкөнү кайрадан өз көзөмөлүнө алган.
Москванын Кудринская аянтындагы Balzi Rossi ресторанындагы жарылуудан каза болгондор бешке жетти. Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, жаракат алгандардын ичинен эки киши ооруканада каза тапты жана дагы алтыдан ашык адамдын абалы оор деп бааланууда.
Москванын ресторанындагы жардыруунун чоо-жайы азырынча бүдөмүк. Бийлик аны "теракт" деп атаганы менен беш кишинин өмүрүн кыйган кол салуу кимге каршы багытталганы маалымдала элек. Ал эми орус медиасы, телеграм каналдар ал күнү ресторанда генерал Александр Чайко мааракесин белгилеп жатканын жазышты.
2022-жылы Украинанын Одесса облусуна урулган орус армиясынын ракеталык соккусунан Олександра Паскал бир бутунан ажыраган. Ал кезде болгону алты жашта эле. Бир нече айга созулган оор операциялардан кийин протез менен кайра басканды үйрөнүп, көркөм гимнастикага кайтып келди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы "жапырт соккулар" токтогондон кийин тараптардын сүйлөшүүлөрү 3-августта башталарын айтты. Иран азырынча сүйлөшүүлөрдүн датасын да, ага катышууга даяр экенин да ырастай элек.
Испаниядагы миграциялык кризис жаңы деңгээлге чыкты. Бир сутканын ичинде эле миңдеген мыйзамсыз мигрант Сеута анклавына өтүүгө аракет кылып, он чакты адамдардын өмүрү кыйылды. Мадрид коопсуздук күчтөрүн күчөттү. Айрым мамлекеттер Испанияны Шенгенден убактылуу чыгарып турууну сунуш кылды.
Украинадагы жана Ирандагы согуштар кесилишкен учурлар эки жаңжалдын географиясын кеңейтип жатат. Тегеран Киевди Каспий деңизиндеги кемесине сокку урганы үчүн айыптаса, украин тарап орусиялык аскердик техника ташылган багытты бутага алганын айтууда.
Ирандын Исфахан шаарында январдагы демонстрацияларда кармалган дагы эки киши дарга асылды. Калаада 28-июлда каршылык акциялары өткөнү социалдык тармактарда маалымдалды. Иранда өлүм жазасына тартуу барган сайын көбөйүп жатат.
АКШ-Иран куралдуу жаңжалы азырынча басаңдаганы менен анын геосаясий кесепеттери сезиле баштады. Ормуз кысыгынын келечеги, регионалдык коопсуздук бүдөмүк болуп турганда Борбор Азия жылдардан бери келаткан соода, байланыш жана дүйнөлүк рынокторго карай маршруттарды кайра карап чыгууда.
Дагы жүктөңүз