Бишкекте быйыл таза суу тартыштыгы өзгөчө курч болду. Жакында эле Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары суу талап кылып акцияга чыгып, жолду буугандан кийин жергиликтүү эки тургун жана акцияны чагылдырган блогер Эртай Искаков эки айга камалды.
Таза суу талап кылган акцияга байланыштуу кармалган Эртай Искаков, Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовду Чүй облустук соту абакта калтырды. Бир канча убакыт суудан мукураган Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Бишкектеги Жайыл Баатыр көчөсүн тоскон эле.
Баткенде Лейлектин эң четки Көк-Таш айылында аялдардын футбол мелдеши өтүүдө. Топ кубалаган айыл спортчуларын күйөрмандар кызуу сүрөп жатышат.
Президент Жапаров “Азаттыктын” Кеминдеги майнинг ферма тууралуу журналисттик иликтөөсүнө комментарий берди. Украин аскерлери Донецк облусундагы Старомойорск кыштагын бошотту. Москва орус күчтөрү Запорожье багытында илгерилегенин билдирди. Лейлектин Көк-Таш айылында аялдардын футбол мелдеши өтүүдө.
Абай Жумаев 50 жашта. Ал жыйырма жылдай маңзат колдонгон. Өзүнүн айтымында героин сайынган. Мындан төрт жыл мурда метадон терапиясы менен дарылана баштаган. Абай учурда кароолчу болуп иштейт. Ал жаштыгы маңзат кучагында өткөнүнө өкүнөт, мындан аркы жашоосун бейкапар өткөрүүнү самайт.
Баткендиктердин негизги кирешеси болгон өрүктүн түшүмү жылдагыдан кыйла жакшы. Өрүктүн 20 дан ашык сорту өстүрүлгөн аймакта "сары кыздын тою" башталып, эл өрүк терүүгө жапырт киришти. Эрте бышкан "ак өрүк" сорту экспортко чыгарыла баштаганы менен баа өткөн жылга салыштырмалуу 6-7 эсе арзан.
Кочкордогу Исакеев айылынын тургундары Акылбек менен Айжан кыштакта такачы жубайлар катары таанымал. Алар 15 жылдан бери аттын такасын жасап, эриш-аркак оокатын өткөрүп келет.
Бармактайынан оор илдет менен кармашкан балдарга Бишкекте акысыз операциялар жасалууда. Табарсык, бөйрөк ооруларына кабылган жеткинчектерге Өзбекстандан жана Орусиядан келген хирургдар дарылоодо. Соңку жылдары Кыргызстанда тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар көбөйүп жатканын дарыгерлер белгилешет.
Сузак - Жалал-Абаддын калк жыш отурукташкан району. Акыркы жылдары райондо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу учурлар көп чыга баштады. Эки жыл мурда Сузакта биринчи жолу 12 аял депутаттыкка шайланып келген. Алар зомбулук менен күрөшүүгө аракет кылып жатканын айтышты.
Дагы жүктөңүз