Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин эмгек мигранттарын өлкөдөн кетирүү үчүн Москва аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын билдирди. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду.
Жыл башынан бери Кыргызстандын бир катар аймактарында утур-утур сел жүрүп, адам өмүрү кыйылган учурлар да катталды. Табият кырсыгынын көбөйүшү эмне менен байланыштуу? Алдыда кандай өзгөрүүлөр күтүлөт жана анын алдын алуу, даярдык иштери кандай жүрүшү керек?
24-июндагы селден улам Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, табият кырсыгынын кесепетин жоюу, зыяндарды тактоо иштери уланууда. Селде беш жашар баланын өмүрү кыйылды. Үйүнүн ичине чейин суу каптаган 39 үй-бүлө туугандарыныкында убактылуу баш пааналап турушат.
Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында сел жүрдү. Кадамжайда беш жашар бала сууга агып, чарчап калды. Акын жана активист Аскат Жетигенге прокурор сегиз жыл жаза сурады. Израил менен Ливандагы “Хезболла” куралдуу тобунун ортосунда чыңалуу күчөдү.
Сел коркунучу Борбор Азияны, анын ичинен Кыргызстанды түйшүккө салууда. Бишкектин эл аралык деңгээлде көтөрүп жаткан тоолорго көңүл буруу жана мөңгүлөрдү коргоо чакырыгы сел көйгөйүн канчалык жөнгө сала алат?
Дагестанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Ош облусунун Араван райсоту Украинадагы согушка катышкан деп шектелген адамды беш жылга кести. Президент Жапаров "7-апрель ынтымагы" коомуна бир гектардай жер бөлүнүп берилгенин, ага Апрель окуясынан жабыркагандар үчүн фабрика курула турганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров "7-апрель" ынтымагы" коомуна бир гектардан ашык жер бөлүнүп берилгенин билдирди. Ал жерге 200 кишиге ишкана курулары, анда Апрель окуясынан жабыркагандар, алардын жакындары иштей турганы айтылды. Ага акчаны мурдагы президент Курманбек Бакиев берет деген маалымат бар.
Бишкектин өпкөсүнө айланган ботаникалык бактын дендрарий коругу тууралуу сүрөт баян.
21-июнда кечкисин жүргөн селден Ноокендеги үч айылдагы 178 үйдүн короосун сел каптап, ондой турак үйдүн ичине ылай толгон. Жергиликтүүлөр акыркы 10 жылдан бери мындай селди көрбөгөнүн айтууда. Кокту-колоттон аккан суу эгин талааларын да талкалап кеткенин көрүүгө болот.
Чүйдүн Жайыл районунда автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты баланын өмүрү кыйылды. Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга кесилди. Москванын " Шереметьево" аэропортунда ондогон кыргызстандык Орусияга кире албай турат. Тажикстанда хижабга тыюу салынды.
Сауд Арабиясында катуу аптаптан каза болгондор 500 кишиден ашты. Украинада Орусиянын чабуулдарынан соңку суткада дагы төрт киши каза болду. Президент Жапаров Шамбесай кенинен алтын казылбай турганын билдирди. Бишкек шаардык соту экс-депутат Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын карай баштады.
Дагы жүктөңүз