17-июлда түнкү саат 12де Сокулук райондук соту таза сууну талап кылып камалган Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алуу чечимин кабыл алды. Бирок мындан бир жарым саат мурун, 22:22де Чүй облустук соту алардын камалганы айтылган маалымат тараткан эле.
Быйыл Кыргызстанда сугат суу көйгөйү кайрадан көтөрүлдү. Өлкө аймагындагы сугат суунун көлөмү эки жыл мурдагыга караганда эки эсе аз. Бул Чүй жана Талас облустарындагы сезилип, дыйкандарды түйшүккө салууда.
Мезгилдик оңдоо иштерине байланыштуу 11-12-июль күндөрү суунун үзгүлтүккө учурашы шаар тургундарын, ишкерлерди ыңгайсыз абалга кептеди. Ал эми мэрия шаардын суусуз калган бөлүктөрүнө биодааратканаларды орнотуп, суу ташып берүү менен алек.
30-июнда "Асман" шаарынын курулушуна старт берилет. Президенттик администрациянын маалыматы боюнча Ысык-Көл жээгиндеги бул шаар 500 миңге жакын адамга ылайыкташкан экологиялык таза калаа болот. Бийлик акыркы эки-үч жылдан бери убада кылган "Асман" шаары кайда курулат, анда кимдер жашайт?
Германиянын Киль университетинин окумуштуулары Нарында илимий долбоорду ишке ашырууда. Алар климаттын өзгөрүшү картөшкө менен көп жылдык чөпкө кандай таасирин тийгизип жатканын иликтешүүдө.
Бишкекте биринчи ачылган казино экс-депутат Арзыбек Буркановдун баласыныкы экени белгилүү болду. Украин президенти Зеленский армиясы фронтто алдыга жылганын жарыялады. Орусияда "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожинге козголгон кылмыш иши токтотулду.
Кыргыз дизайнерлери этностиль менен заманбап моданы айкалыштырып, жаңы бренддерди жаратып, дүйнөнү багынтууда. Ал бренддер менен “Азаттык плюстан” таанышыңыз.
Дагы жүктөңүз