Газа тилкесиндеги ири "аш-Шифа" ооруканасы аба соккуларынан катуу жа0быркады. Абактагы оппозициялык саясатчы Мадумаровдун абалы начар экенин адвокаты билдирди. "Айчүрөк" соода борборунун ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды. Кыргызстанда кызылча илдети жайылууда.
Чоң Кемин - Күнгөй Ала Тоо менен Иле Ала Тоосунун ортосундагы өрөөн.
Томск облусундагы Асино шаарында жеңил өнөр-жай паркын түзүү боюнча орус-кытай биргелешкен долбоору ойдогудай ишке ашкан жок. Кытай инвесторлор токойду гана кыйбастан, жыгач иштетүүчү бир нече завод дагы курушу керек эле. Бирок ишкана бир нече жылдан бери чыгым тартып келе жатат.
Аксынын Кашка-Суу аймагынынын жергиликтүү бийлиги такырланган жайыттарды калыбына келтирүүгө умтулууда. Алар бейөкмөт уюмдарга долбоор жазып, тоют чөптүн уруктарын жана айдоо аянттарды тосмологонго керектүү материалдарды сатып алышты.
Арал деңизинин айлана-тегерегиндеги казак айылдарында балыкчылар азайып баратат. Айрымдары курулушка кетсе, кайсы бири жалданып иштеп, акча табууга аргасыз. Соңку беш жылда Кичи Арал тартылып, суунун деңгээли эки жарым метрге чейин төмөндөп кетти. Балык уулап, жан баккандар да азайды.
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чолпон-Ата айыл аймагы туристтер кызыккан жайга айланды. Эл аралык уюмдар жергиликтүү эл менен бирге демилге көтөрүп, соңку эки жылдан бери экотуризмди өнүктүрүүгө аракет кылып келет.
“Илим жаңылыктары”: Америкалык миллиардер Илон Маск кишиге Neuralink нейрочибин сынай баштайт. 1990-жылдары табылган камптозаврдын сөөгү быйыл октябрь айында биринчи жолу Парижде аукционго коюлат. Индонезиялык активист Гэри Бенчегиб таштанды желим баштыктан чакан үй куруп, үй эмеректерин жасайт.
15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы чырда курман болгондор эскерилди. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанды чек ара дооматтарынан баш тартууга чакырды. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмуттун жанындагы Андреевка кыштагы орус күчтөрүнөн бошотулганын ырастады.
14-сентябрда Тажикстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы суу-энергетикалык көйгөйлөрдү көтөрдү.
Талас облусундагы 1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычында быйыл суунун көлөмү эң төмөнкү чекке түштү. 550 млн метр куб суу баткан суу сактагычка топтолгон суунун 80% коңшу Казакстан, 20% Кыргызстан колдонот.
Таластагы Киров суу сактагычындагы суунун деңгээли быйыл жылдагыдан аз. Кыргызстандык дыйкандар жай саратанда сугат суу тартыш болуп, эккен жашылча-жемиши июлда эле күйүп кеткенин айтууда.
Дагы жүктөңүз