“Элдин балдары” подкастынын бул жолку коногу алып баруучу, тамада Урмат Борченов. Аны менен тойдогу ысырапкерчиликтен баштап, коомдогу көйгөйлөр, жарандык активизм жөнүндө сүйлөштүк.
Соңку беш жыл ичинде Бишкектин жылуулук электр борборунда эки жолу авария болуп, шаар тургундарына ысык суу, жылуулук берилбей калды. Тиешелүү жетекчилер 2018-жылкы биринчи кырсыкта, быйыл да суук түшкөнгө чейин ЖЭБге байма-бай каттап, стратегиялык өндүрүш кышка даяр экенин айтышкан эле.
Ысык-Көлдүн жээгинде салына турган “Асман” шаарынын курулушу инвестор келе электигинен кечигүүдө. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Абдыкадыров “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
Ысык-Көл дүйнөдө тоо арасында жайгашкан эң терең көлдөргө кирет. Кыргызстандагы туризимдин борборунун бири. Көлгө ондогон өзөн суулар келип куят. Соңку үч жылда көлдүн суусу 10 метрге чейин тартылып кеткен. “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышы Ысык-Көлдүн экосистемасына арналды.
Бишкектин Жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, жабыркаган беш адамдын экөөнүн абалы оор. Израил армиясы Хан-Юнистеги операциясын жыйынтыктап, Рафах шаарында улантат. Бишкекте сот журналист-операторлор Акыл Орозбековду, Жумабек Турдалиевди жана Сапарбек Акунбековду шаардык камакта калтырды.
Каракол шаарына жакын Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Пржевальск-Пристаны - совет доорун эске салган айылдардын бири.
Баткенде үч жасалма мөнгү тоңдурулду, аны дагы көбөйтүү пландалууда. Мындай жол менен суу тартыштыгын жеңилдетип, кайракы жерлерге суу жеткирип, жайыттарды жакшыртуу аракети көрүлөт.
23-январга караган түнү Кыргызстандын бир нече облусунда жер силкинди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зилзаланын очогу Кытайдын чек арага жакын аймагында жайгашып, күчү 8 баллга жеткенин билдирди. Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Кыргызстанда Фейсбукка пикир жазган эки активист соттолду. Бир катар активисттердин соту уланууда. Башкырстанда нааразылык акцияларына чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Абактагы депутат Адахан Мадумаровдун сотунда күбө катары бир нече киши көрсөтмө берди.
Кыргызстандагы эң ири көмүр кендеринин бири Кара-Кечеде ушу тапта иш кайнап жаткан учур.
Казакстандын Мангыстау облусундагы Каракөл көлүндө 900дөй ак куу кырылып калды. Экологдор сууну изилдөө учурунда өтө көп зыяндуу заттарды тапты.
Дагы жүктөңүз