Баткен районунун Чоң-Кара айылында үрөй учурган кандуу окуя катталды. Алгач аялын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган кишинин артында беш бала калды. Алардын тагдырын комиссия карай турган болууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, атайын экспертиза дайындаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу айтканы талкууга түштү. Ал маегинде Ташиев "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярдык көргөн" деп билдирген. Бул боюнча президент Садыр Жапаров да пикирин айтты.
Кыргызстанда соңку жылдары кино тармагы өзгөрүүдө. Мындан үч-төрт жыл мурда комедиялар басымдуу болсо, азыр мистика, триллер жана криминалдык тасмалар каптады.
Ирандагы согуштун айынан дүйнөдө мунай жана газ өндүрүүнүн көлөмү азайып, баалардын өсүшүн шарттады. Азиядагы жети өлкө мамлекеттик кызматкерлерди үйдөн иштөөгө же иш сааттарын кыскартууга өттү. Бир нече ири авиакомпаниялар күйүүчү майды үнөмдөш үчүн аба каттамдарын кыскартып жатканын эскертти.
Министрлер кабинети 24-апрелдеги жыйынында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планы жөнүндөгү токтомунун долбоорун карап, бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвага күтүүсүз сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Анын бул жүрүшү Европа Биримдиги Москвага каршы санкцияларына Кыргызстанды да кошкон учурга туш келди.
Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институттун студенттери эки күн мурда милицияга жеткирилген. Буга алардын окуу жайдын аталышындагы “музыкалык” деген сөздү калтыруу талабы себеп болгон.
Бишкек шаардык соту 23-апрелде журналист Махабат Тажибек кызынын адвокаттарынын аппеляциялык арызын карады. Бир ай мурда Тажибек кызы Ленин райондук сотунун чечими менен абактан чыккан. Ленин райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, эч кайда кетпөө тил каты менен бошоткон.
Европа Биримдигинин дипломаттары Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашты. Документти Европа Кеңеши жактырса күчүнө кирет. Топтомдун алкагында Кыргызстан да санкцияга илешти. Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, соңку чаранын кесепети деле жок экенин билдирүүдө.
Кыргызстанда саясий, курч окуялуу “Мафия” аттуу көркөм тасма тартылды. Анда окуя “Азаттыктын” журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин кейипкеринин (прототип) айланасында өнүгөт.
Дагы жүктөңүз