1990-жылдары Ооганстандын тоо коюнундагы Бадахшан провинциясы талибдердин башкаруусуна каршы турган күчтөрдүн таянычы болчу. Учурда да табигый ресурстарга бай аймак исламчыл согушкер тобунун чекесине чыккан чыйканга айланды. "Талибан" беш жыл мурун өлкөнү кайрадан өз көзөмөлүнө алган.
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн эки айылдын тургундарына жарандык берүү жараяны башталды. Эки эксклавды алуу үчүн Кыргызстан да кошуна өлкөгө “теңме-тең” жер бергенин билдирген. Кайсы жерден, кандай тилке берилгенин жарыялай элек.
Бишкекте көчөдө токко урунуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн тогуз жашар Ибрахим Анарбеков каза болуп калды. Милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү башталды. Ибрахим бир үй-бүлөнүн көзгө басар жалгыз уулу эле. Каргашалуу окуя 26-июлда болуп, эстен танган бала он күн ооруканада жатып үзүлдү.
3-августта Жогорку сот социалдык тармактарда жазган пикири үчүн соттолуп абакта отурган Каныкей Аранованын жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо тууралуу арызын карап, аны канааттандыруудан баш тартты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы "жапырт соккулар" токтогондон кийин тараптардын сүйлөшүүлөрү 3-августта башталарын айтты. Иран азырынча сүйлөшүүлөрдүн датасын да, ага катышууга даяр экенин да ырастай элек.
Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү май ташып келүүнү макулдашты. Андан тышкары Азербайжан менен мунай жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Күйүүчү май кризисинен улам Кыргызстан бул жаттагы импортту диверсификациялоо аракетин көрүүдө.
Кыргызстанда эми мындан ары жумушка орношуу учурунда талапкердин жынысын, жумушка тиешеси жок маалыматтарды, анын ичинде жеке жашоосу, балдарынын бар-жогу, бала төрөө пландары же үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү милдеттери тууралуу суроого жол берилбейт.
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өтүүдө. 1-августта "суудагы Формула-1” деп атап коюшкан бул жарыштын расмий ачылышы болду.
Соңку жылдары вирустук гепатиттерди жугузуп алып, боорун алмаштыруу үчүн элден жардам сурагандар көбөйдү. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда сарыктын оор түрлөрү менен 41 миңден ашуун адам каттоодо турат.
Жайдын чилдесинде Ысык-Көл бул күндөрү Борбор Азиядагы улам бир президентти тосуп алып жатты. Бир күн мурун Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёевдин, 31-июлда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сапары өттү. Андан соң Борбор Азия жана Азербайжандын башчыларынын бейформал жолугушуусу болду.
Чолпон-Атадагы 31-июлда башталып жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлеринин бейформал жолугушуусу Украинадагы согуш күчөп, Орусияда мунай базаларына жасалган украиналык дрон чабуулдарынан улам аймактагы бир катар өлкөлөр бензин кризисине кириптер болгон учурга туш келди.
Тажик акыны Сиявуш Жунайдинин 33 жылдык өмүрү чет элде өткөн. Украинада, Орусияда, Өзбекстанда, Казакстанда жашаган акын кийин Кыргызстандан орун-очок алган. Өзүнүн айтымында, туулган жерден кетүүгө Советтер Союзу ыдырагандан кийинки мекениндеги оор жагдай түрткү болуптур.
Дагы жүктөңүз