Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев мамлекетке 15 млн доллар төгүп берди. Атайын кызматтын маалыматында ал күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен келишим түзгөн.
Башкы көзөмөл органы билдиргендей, каза болгон бейтаптар гемодиализ алгандардын катарына кирип, айрым менчик медициналык клиникалар лицензиясында көрсөтүлгөндөн да көп адамды тейлеген.
Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү бийик чокуларга чыккан альпинисттерден акы алууну көздөп жатат. Өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоорунда аларга милдеттүү камсыздандырууну киргизүү жана бир катар талаптар жазылды.
"75чилердин каты" иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө прокуратура да макул эместигин билдирип, апелляциялык арыз берди. Шаардык сот ишти 10-августта караганы жатат. Жактоочулар «Азаттыкка» билдиришкендей, буга чейин соттолгон сегиз кишинин баары шаардык сотко арыз жазган.
Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоорунун буга чейинки маалыматына ылайык, "Орусия негизсиз бастырып кирген төрт жылдан ашуун убакта 13 миңге жакын борборазиялык орус армиясы менен келишим түзгөн". Алардын арасында 1500дөйү кыргыздар экени белгилүү болгон.
Кыргызстан Борбор Азияга келген чет элдик туристтер үчүн бирдиктүү виза киргизүүнү сунуштап келет. Бул демилге соңку ирет Чолпон-Атада 31-июлда өткөн Борбор Азия лидерлеринин бейформал саммитинде да көтөрүлдү.
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн эки айылдын тургундарына жарандык берүү жараяны башталды. Эки эксклавды алуу үчүн Кыргызстан да кошуна өлкөгө “теңме-тең” жер бергенин билдирген. Кайсы жерден, кандай тилке берилгенин жарыялай элек.
1-август күнү Москвадагы ресторанда болгон жардыруудан кийин Орусияда жеткирүү кызматында иштеген мигранттарга текшерүү күчөдү. Кырсык болгон жерге жардыргыч зат катылган баштыкты курьер аял алып барганы айтылган.
Кыргызстанда Жетим-Тоо темир кенин иштетүү боюнча талкуулар жанданды. Кумтөрдү башкарып, кийин соттолгон Теңгиз Бөлтүрүк кенди иштетүүгө жана аны башкарууга даяр экенин билдирген. Буга мурдагы премьер-министр Темир Сариев жооп берип, Жетим-Тоону иштетүү оңой-олтоң иш эмес экенин айтып чыкты.
Түндүк Кипрде 23 жаштагы кыргызстандык кыз бычакталып, учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы маалым болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анын абалы өтө оор деп бааланып жатканын билдирди. Кыздын жакындары бул окуя боюнча комментарий берүүдөн карманууда.
Мыкты устатыбыз Жаныбек Жакыпбек уулу Кожобек небереси (25.5.1946–04.8.2026) баш оона айынын алгачкы шейшембисинде дүйнө салды. Редакциядан: автордун жеке пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Жакынкы Чыгыштагы абал жана Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна Украинанын соккуларынан улам дүйнөдө кара май кризиси тереңдеп баратат. Кыргызстан абалдан кантип чыгат?
Дагы жүктөңүз