Кыргызстанда 8-декабрь теле радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп эсептелет. 1958-жылы ушул күнү Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыккан. Бул датага байланыштуу Жалал-Абадда жаңы ачылган "Доор ТВ" телеканалы жөнүндө айтып беребиз.
Мигрант күйөөсүндө ВИЧ инфекциясы бар экенин, өзүнө да жукканын Дилдора кош бойлуу болгондон кийин билген.
Динде аялдардын илимдин түрдүү бутактарында эмгектенишине да чектөө жок болсо да, көп учурда айымдарга мамиле анын тетирисин көрсөтүүдө. Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов Иордания Улуттук университетинин “Ислам укугу” бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, теолог Ибрагим Абдиев менен бирге талдоого алат.
Ош шаарынын тургуну, жарандык активист, феминист Айсулуу Аскарбекова менен аялдардын укуктары жөнүндө сүйлөшөбүз.
«Зомбулукка каршы 16 күн» деп аталган жылдык салттуу акцияга кыргыз коомчулугу 26-декабрда кошулду. Кыргыз өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулук кыргыз коомунда да олуттуу көйгөй экенин белгиледи. «Азаттыктын» кабарчылары бул көйгөйдү каармандар аркылуу ачып бергенге аракет кылышат.
Баян БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда "Айкын багыт" коомдук фондунун "Гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда инновациялык медиа форматтар" долбоору менен өнөктөштүктө даярдалды. Коммерциялык мүнөздө эмес.
Кыргызстанда "Аялдар өзгөрүү алып келишет" аттуу өнөктүк башталды. Гендердик теңчиликке жетүү максатын көздөгөн өнөктүк 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин уланат.
Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.
"Аялзат" берүүсүнүн бул жолку каарманы тааныбаган жигитке баш кошуп, ай айланбай басмырлдоого туш болуп, жылга жетпей ажырашкан келин.
Чүйдүн Кемин районунда жашаган ЛГБТ-активист эне Гүлмира жана анын трансгендер уулу Санжар “Азаттык” радиосуна ой бөлүштү.
Азамат Омош: "Мен бүгүн үшүп турам. Көчөдөмүн".
Дагы жүктөңүз