Сынак бүт дүйнөнү дүңгүрөткөн африка тектүү америкалык жаран Мартин Лютер Кингдин «Менин бир кыялым…» аттуу атактуу сөзүнүн 50 жылдык юбилейине арналат. Эссе жазып же Мартин Лютер Кингдин сөзүнөн үзүндүнү көркөм окуп "Азаттыкка" жиберип, Nexus планшетин утуп алыңыз.
«Азаттык» радиосу АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен «Менин бир кыялым…» аттуу дилбаян жана көркөм окуу боюнча сынак жарыялайт.
Мартин Лютер Кинг мындан туура жарым кылым мурда сүйлөгөн “Менин кыялым” деген легендарлуу сөзү Американын тарыхындагы эң маанилүү учурлардын бири болуп калды. “Азаттык” радиосу өз өлкөлөрүндөгү адам укугун коргогон активисттерди кепке тартып, алар мекенинин келечеги үчүн эмнени кыялданаарын сураган.
Америкалык жарандык активист, Мартин Лютер Кинг “Менин кыялым” деген тарыхый сөзүн сүйлөгөнүнө бүгүн туура 50 жыл толууда.
1963-жыл, 28-август… Америкада дал ушул жылы, ушул күнү дүйнөнүн чар тарабына жетер окуя болгонун бүгүнкү тарых көрсөттү. Мартин Лютер Кингдин «Менин бир кыялым» аттуу сөзүнүн ишке ашканына Америкадагы актар менен каралардын камыр-жумур жашап атканы далил. (AP video)
28-августта бүт дүйнөнү дүңгүрөткөн кара тектүү америкалык жаран Мартин Лютер Кингдин «Менин бир кыялым…» аттуу атактуу сөзүнүн 50 жылдык юбилейи белгиленет. Адамдардын өңү-башына, улутуна, жынысына, диний ишенимине жана социалдык тегине карабастан, теңдикте жанаша жашоо мүмкүндүгүн чагылдырган жалындуу сөздүн тарыхын чагылдырган сүрөт баян.