Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун ондогон адамдардын жеке маалыматтарын жарыялаганы боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) териштирүү баштаганын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. ИИМ бул туурасында маалымат бере элек.
Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде камакта отурган акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыкты. Ал үч жылдык жаза мөөнөтүн толук өтөп бүттү.
Аксыда 34 жаштагы келиндин жакындары анын өлүмүнө зомбулук себеп болгонун айтып чыгышты. Анын өз жанын кыйганына ишенбей, акыйкат тергөөнү талап кылышууда. Экинчи тарап бул дооматтарды четке кагып жатат. Келиндин өлүмүнүн себептери боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.
Колумбияда 7 баллдан ашкан катуу жер титирөө 160тын тегерегиндеги адамдын өмүрүн алды. “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын соту жабык уланмай болду.
Украинанын Коргоо министрлиги орус аскерлеринин катарында согушуп жүргөн эки кыргыз жараны "жок кылынганын" кабарлады. Андагы маалыматка караганда, бул адамдар орус армиясына жалданып согушка барышкан.
Жогорку Сот 3-августта социалдык тармактарда жазган пикири үчүн соттолгон Каныкей Аранованын арызын четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы отурумду өткөрүүгө Каныкей Аранованын жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо өтүнүчү себеп болгонун айтууда.
Бишкекте көчөдө токко урунуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн тогуз жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болуп калды. Милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү башталды. Ибрахим бир үй-бүлөнүн көзгө басар жалгыз уулу эле. Каргашалуу окуя 26-июлда болуп, эстен танган бала 10 күн ооруканада жатып үзүлдү.
Абактагы шарттарга жана ырайымсыз мамилеге даттанган бир нече арыз катталды. №27 колонияда отурган ырчы жана активист Аскат Жетиген абак кызматкерлери соттолгондорду ур-тепкиге алганын айтып чыкты. Алга Кылычов абак кызматкери анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирди деп даттанды.
3-августта Жогорку сот социалдык тармактарда жазган пикири үчүн соттолуп абакта отурган Каныкей Аранованын жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо тууралуу арызын карап, аны канааттандыруудан баш тартты.
Зомбулуктан кыйылган өмүрлөр, талкаланган тагдыр жана жабыркаган ден соолук бир үй-бүлөнүн эле маселеси эмес, ал социалдык көйгөй. Бүгүнкү подкастта Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы коомдун оорусуна айланган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу сөз кылабыз.
Ошто 2006-2007-жылдары 420 балага ооруканадан ВИЧ инфекциясы жуккан. Учурда ал балдар 20 жаштан ашты. Алардын бири Асел (аты өзгөртүлдү) коомчулуктун оюн өзгөртүү максатында Threads платформасында блог алып барып, абалы тууралуу маалымат берип жатат.
Эки жыл мурда “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы терактта жоголгон кыргызстандык Эдита Жусупова табыла элек. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жусупованы каза болгондордун болжолдуу тизмесине киргизген. Эне бийликтен жардам сурайт.
Дагы жүктөңүз