Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:51

Армия: Үч офицер, бир ишкерди каматкан кайрылуу


Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү текшерүү. УКМК тараткан сүрөт.
Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү текшерүү. УКМК тараткан сүрөт.

Башкы прокуратура Каракол шаарындагы аскер бөлүгүндө иштеген фельдшердин кайрылуусунан кийин төрт аскер кызматкери камакка алынганын маалымдады.

Аскер кызматкеринин өлкө жетекчилерине жолдогон видео кайрылуусу 6-февралда жарыяланган. Анда аскер бөлүгүндө жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо жүрүп жатканы айтылган.

Аскер прокуратурасы Каракол шаарындагы аскер бөлүгүндө фельдшер болуп иштеген Жылдыз Асанакунованын айткандары боюнча иликтөө жүргүзүп, кылмышка шектүү катары полковник чининдеги аскер бөлүгүнүн командири, анын орун басары, прапорщик жана жеке ишкер камакка алынганын маалымдады. Аларга “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмачылык”, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу” жана “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Көзөмөл органы кенже сержант Асанакунова айтып өткөн беш факты боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталганын билдирди. Жылдыз Асанакунова аскер бөлүктөгү териштирүү боюнча буларды айтты:

Жылдыз Асанакунова.
Жылдыз Асанакунова.

“Жеке эле биздин эмес, жалпы аскер бөлүктөрдө тынч болуп калды го. Анткени бул окуядан кийин баарынын жүрөгү түшүп калды. Азыр иш иликтенип, тиешелүү адамдар жазасын алып жатышат. Мындай мыйзамсыз окуялар, үстөмдүк мектептерде, мамлекеттик кызматтарда да болуп келген. Мен кайрылуу жасагандан кийин көп адам кайрылып жатат. Алар мага "президентке биз да үнүбүздү жеткире албай жатабыз" дешет".

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына карайт. Андагы терс көрүнүштөрдү айтып чыккан Жылдыз Асанакунова аталган мекемеде 10 жылдан бери фельдшер болуп иштеп келет. Ал буга чейин аскер бөлүктүн командирине, жогорку кызматтагыларга кайрылганын, бул үчүн ага да басым болгонун кабарлаган.

Асанакунованын айтымында, жоокерлерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп, алардын колу-буту сынып, көзү кыйшайып калган учурлар да болуп келген.

Асанакунованын кайрылуусунан эки күн өткөндөн кийин, 8-февралда УКМК окуя боюнча комментарий берип, анын айткандары тастыкталбаганын билдирген.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына мындай пикирин жазган.

“Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда. Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет”.

Ошентип Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнүн бириндеги терс көрүнүштөр президенттин кийлигишүүсүнөн кийин иликтене баштады. Бирок кыргыз армиясындагы үстөмдүк, коррупция, жоокерлерге күч колдонуу, өлүм менен коштолгон окуялар көп учурда тыкыр иликтенбей калары айтылып келет.

Укук коргоочу, аскерден жабыркагандар менен иштешип жүргөн “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова буларды айтты:

Гүлшайыр Абдирасулова.
Гүлшайыр Абдирасулова.

“Армиядагы үстөмдүк, күч колдонуу азайганын же көбөйгөнүн так айтуу мүмкүн болбой калды. Анткени бул мекеме аябай жабык. Мындан беш-алты жыл мурда Акыйкатчы институту, Кыйноолорго каршы борбору менен аскер бөлүктөрүнө кирип, жоокерлер менен сүйлөшө алат элек. Кандайдыр бир тенденцияны көрүп, анын жыйынтыгы менен жетекчилерине, Коргоо министрлигине сунуштама берип келгенбиз. Азыр мекеме толугу менен жабык. Акыйкатчы институту алдын ала билдирүү жиберип, андан кийин гана аскер бөлүгүнө бара алат. Мындай учурда чыныгы кырдаалды эч ким көрө албайт да. Андыктан мындай иштер аскер бөлүктүн ичинде эле калат. Аскер прокуратурасына, сотко жетпейт. Аскер прокуратурасы бала өлүп калып же окуя ачыкка чыгып кеткиче иштеши керек эле. Ушундай алдын алуу иштери жок болуп жатат”.

Кыргызстанда буга чейин дагы өзү иштеген мекемедеги коррупция, мыйзам бузуулар тууралуу айтып чыккандар болгон. Аскер учкучу, улук лейтенант Рустамбек Жоробаев былтыр жай айларынан бери эле авиатехниканы оңдоодогу коррупция жөнүндө айтып, өлкө бийлигине ачык кайрылып келген. Анын билдирүүлөрү өткөн айда аскердик тик учак кыйрап, бир учкуч мерт болуп, дагы бир канча адам жараат алган окуядан кийин кайрадан талкуулана баштаган.

Башкы прокурор жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында Жоробаевдин паракорлук тууралуу айткандары ырасталганын, аскер прокурору иштен алынып, мекемеде иштегендердин теңи алмашып жатканын билдирген. Бирок Коргоо министрлиги Абадан коргонуу күчтөрүндөгү коррупция тууралуу маалымат, дооматтарды четке каккан.

"Сотко каттай берип тажадык"

Кыргыз армиясындагы үстөмдүк, күч колдонуу жоокерлер оор жараат алып же каза болгон учурларда гана талкууланып, андан кийин унутта калат. Аскерде түрдүү себептер менен көз жумган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө укуктук жардам берип келген "Кылым шамы" укук коргоо уюму армиядагы өлүмдү иликтөө толук кандуу жүрбөйт деген тыянак чыгарган.

Уюмдун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Мисалы, 2022-жылы июль-август айында эле аскердик кызматын өтөп жаткан төрт бала каза болгон. Анын үчөө өзүн өзү атып алганы айтылган эле. Бирок алардын ата-энеси балдары каргашалуу окуяга чейин акча сурап, ар кандай номурга бирдик салып коюуну өтүнгөнүн айтып чыгышкан. Төрт окуя боюнча иликтөө жүрүп, анын жыйынтыгы менен маркум жоокерлердин жакындары макул болбой келет.

Сыргак Сабырбеков.
Сыргак Сабырбеков.

Аскерден ажал тапкан жоокерлердин бири - Сыргак Сабырбеков. Ал Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунда кызмат өтөп жүрүп, 2022-жылы 18-августта каза болгон. Анын жанынан кат табылып, анда чоң суммадагы акча сурашканы жазылган. Ошондо аскер бөлүктүн кароол жетекчиси кармалып, “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” жана “Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу” беренеси менен иш козголгон эле.

Маркум Сыргак Сабырбековдун апасы Гүлнур Дүйшөнбиева кылмышка шектүү бир жылга соттолгонун, чечим акыйкатсыз болуп калганын айтат.

“Балам айткан номурга бир нече жолу бирдик салып бердик. Акыркы жолкусунда бирдик сала албай калдым. Эки күндөн кийин эле жаман кабар келди. Бөөдө жерден өлүп калды да. Бирок күнөөлүү адамды бир жылга кесип коюшту. Биздин пикирди эч ким уккан жок. Чечимге каршы дагы арызданабыз".

2022-жылы 4-июлда Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери 22 жаштагы Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Расмий маалыматта ал “куралды этиятсыз колдонгон” деп берилген. Бирок, маркумдун туугандары мындай версияга ишенбей, окуяны иликтөөнү жана тиешелүү адамдардын жоопко тартылышын талап кылышкан.

Андан бери эки жыл өтүп, анын бир тууган агасы Эркин Жайлообеков окуя кандай аяктаганын айтып берди:

"Башында "суицид" деп коюшкан. Биз ага макул болбой президенттик администрацияга чейин бардык. Ошондо ишти кайра карап, аны менен чогуу кызмат кылган балдардын аскердик мөөнөтү бүткөндө териштиребиз дешкен. Анткени кызмат өтөп жатканда коркуп айтышпайт дешти эле. Ошондон бери кабар жок".

Аскерден ажал тапкан балдардын жакындары тиешелүү органдарга, сотко каттагандан тажашканын, убакыттын өтүшү менен баарына макул болууга мажбур болуп калышканын айтышат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG